Белгилей кетсек, иш-чара бардык мектептерде 25-майда өтөрү кабарланган.
"Практика көрсөткөндөй, тыюу салынса дагы бүтүрүүчүлөр машина айдап, унаалардан башын чыгарып, ээнбаштыкка барышат. Мындай тартип бузууларга милиция Эреже бузуулар кодексинин 124-беренесинин ("Автоээнбаштык") негизинде айдоочуга, ошондой эле жүргүнчүлөргө чара көрөт", — деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ кызматкерлери билим берүү мекемелерине бекитилип, тартип бузуулардын алдын алуу иштерин жүргүзөрү айтылды.
Милиция, мындан тышкары, коомдук тартипти жана элдин тынчтыгын бузгандар 4-категориядагы айыпка жыгыла турганын эскертет. Ошондой эле "Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамына ылайык, өспүрүмдөргө жай мезгилинде саат 23:00дөн 06:00гө чейин ата-энелердин коштоосу жок жүрүүсүнө тыюу салынат.
Акыркы коңгуроо салтанатынан кийин да жашоо өз нугунда уланарын унутпаңыз.