DataLife Engine > Кыргызстан > Кыргызстандын аскерлери Белоруссияда ЖККУнун машыгуусуна катышып жатат

Кыргызстандын аскерлери Белоруссияда ЖККУнун машыгуусуна катышып жатат

Кыргызстандын аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин "Издөө-2019" деп аталган машыгуусуна катышууда.

14 октября, на полигоне Обуз-Лесновский в Беларуси прошла церемония открытия специальных учений Поиск-2019 

Бул туурасында Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 14-октябрда, Белоруссиянын Обуз-Лесновский полигонунда иш-чаранын расмий ачылышы болгону айтылат.

14 октября, на полигоне Обуз-Лесновский в Беларуси прошла церемония открытия специальных учений Поиск-2019

Машыгууга Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана ЖККУнун Бириккен штабынын ыкчам тобу катышууда. Жалпы жонунан 2000ге чукул аскер, 250дөн ашуун техника тартылган. Арасында авиациялык техника да бар.

 

"Издөө-2019" машыгуусу 14-18-октябрь күндөрү төрт полигондо эки этап менен өтөт. Анын алкагында ЖККУнун Ыкчам аракетке келүүчү жамааттык күчтөр менен биргеликте операцияга даярдык көрүү жана ар кандай каражаттар менен күч колдонуу боюнча тажрыйба топтошот.

Ошондой эле жерде, абада жана башка учурларда, ошону менен бирге түнкүсүн да чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Аскерлер уюмга мүчө мамлекеттерди буктурмадан чыгаруу, куралдуу кылмышкерлердин тобун бутага алуу жана калктуу аймактарды бошотуу чараларын көрүшөт.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20191015/1045969555/kyrgyzstan-asker-zhkku-mashyguu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад