DataLife Engine > Кыргызстан > Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалап келген Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланганы маалым болгон. Мындай чечим уюмдун Самарканддагы саммитинде кабыл алынды.

55 жаштагы Руслан Казакбаев 2020-2022, 2010-2012-жылдары тышкы иштер министри болгон. Ал 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Источник: https://www.azattyk.org/a/32127022.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад