DataLife Engine > Кыргызстан / Экономика > Улуттук банк валюта рыногуна 87,5 миллион доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна 87,5 миллион доллар сатты

Улуттук банк жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасады. Буга чейин өлкөнүн башкы каржы мекемеси 17-ноябрда валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар саткан.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 67 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 73 тыйындан сатып алынып, бир сом кымбат сатылууда.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандаган.

АКШ валютасынын олку-солку абалынан улам Кыргызстанда накталай долларды табуу кыйын болуп жатканын ишкерлер менен кардарлар айтышууда. 
 
Источник: https://www.azattyk.org/a/32186708.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад