DataLife Engine > Кыргызстан / Экономика > Улуттук банк эң ири интервенциясынын себебин түшүндүрдү

Улуттук банк эң ири интервенциясынын себебин түшүндүрдү

"Бул убакыт аралыгында, ошентип, өлкөнүн валюта рыногунда адатта чет элдик валютага айрыкча импортерлордун суроо-талабы жогорулайт”, - деп билдирди өлкөнүн башкы банкы.

Буга өнүккөн өлкөлөрдүн борбордук банктарынын монетардык саясатынын катаалдашы, аймактагы аныксыздык деңгээлинин сакталып турушу сыяктуу глобалдык факторлор менен мүнөздөлгөн тышкы экономикалык жагдай да кошумча таасирин тийгизип жатканы белгиленди.

Улуттук банк 10-январда быйылкы жылдагы алгачкы валюталык интервенцияны ишке ашырып, сатыкка 104 миллион 250 миң доллар чыгарган.

Өткөн жылы Кыргызстанда улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалган. Сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болгон.

Источник: https://www.azattyk.org/a/32219866.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад