DataLife Engine > Кыргызстан / Интеграция / Экономика > Япония Кыргызстанга 7,6 млн доллар кайтарымсыз жардам бөлөт

Япония Кыргызстанга 7,6 млн доллар кайтарымсыз жардам бөлөт

Маалыматка ылайык, финансы министри Алмаз Бакетаев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРжагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда "Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Ошондой эле жолугушууга КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров катышты.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 999 млн япон йен (7,6 миллион доллар) грант берип жатат.

Долбоордун максаты - саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Кыргызстанда иш-чаралар башталгандан бери JICA жана Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 30 келишимге кол коюлган, анын ичинен учурда 4 инвестициялык долбоор жана техникалык жардамдын алкагында 2 долбоор ишке ашырылууда. Долбоорлор транспорт, саламаттыкты сактоо тармактарын жакшыртууга багытталган.

Источник: http://kg.kabar.kg/news/iaponiia-kyrgyzstanga-7-6-mln-dollar-kaitarymsyz-zhardam-b-l-t/скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад