DataLife Engine > Кыргызстан / Интеграция > Акылбек Жапаров БАЭнин вице-президенти менен жолукту. Эмне талкууланды

Акылбек Жапаров БАЭнин вице-президенти менен жолукту. Эмне талкууланды

 
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланган.

Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын октябрында БАЭге болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун маселелери каралганы айтылды. Инвестициялык кызматташуу маселелеринде Кыргызстандын экономикасына тартылган эмираттык инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүнүн жогорку динамикасын, энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну белгилешкен. Бул багытта БАЭнин "Masdar" компаниясынын Кыргызстанда күн электр станциясын куруу долбоору, ошондой эле бир катар инвестициялык долбоорлор тууралуу кеп болгон.

Тараптар мындан сырткары биргелешип түзүлгөн "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун мындан ары иштөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушкан.
 
Источник: https://sputnik.kg/20230420/akylbek-zhaparov-baenin-vitse-prezidenti-menen-zholuktu-1074597966.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад