DataLife Engine > Кыргызстан / Коом жана проблемалар > Лицензиясы жок казино иштеткендерди 8 жылга чейин камоо сунушталды

Лицензиясы жок казино иштеткендерди 8 жылга чейин камоо сунушталды

 
Демилге бүгүн парламентте биринчи окуудан өттү.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин айтымында, лицензия албай кумар оюндарын уюштургандар жана казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо ойноого мүмкүнчүлүк бергендер үч-беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Эгер ушундай эле жосун уюшкан топ, кылмыштуу коомдоштуктар жана бийлик өкүлдөрү тарабынан жасалса, же жашы жете элек балдар тартылса беш-сегиз жылга чейин кесилет. Ошону менен бирге оюн жабдуулары жана утушка коюлган каражат мамлекеттин эсебине алынары белгиленди.

Көзөмөлдөө жана ишти тергөө функциясы ИИМге берилет.

Казино иштетүүгө уруксат берген мыйзам былтыр көптөгөн талаш-тартыштар менен кабыл алынган. Жакында эле алгачкы казино ачылганы маалым болду.
 
Источник: https://sputnik.kg/20230525/litsenziyasysyz-kazino-kamoo-sunushtaldy-1075638383.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад