Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Ала-Тоо

Ала-ТооКанчалаган "жолдор" бизге "багынат"?
Канчалаган "жаңы", "жакшы" курулат,
- Бирок, кетпейт кулундарың адашып,
Анткени, Мекен - жанга жакын угулат!

 

Кең пейилдүү, көк тиреген Ала-Тоом,
Бабалардан мурас болгон коломтом,
Түндүгүндө Ысык-Көлдөн башталып,
Түштүгүндө Памири менен токтогон!

 

Токойлору кийитке толгон, аска-зоосу,
Мөңгүлөрдөн күч алган ташкын суусу,
Кылымдарда илбирси баскан чокусу,
- Кең ааламдын таажысы да, сулуусу!

 

Канча кадам дагы шилтээр экенмин?
Канча күнүм, айым, жылым, кезегим,
- Сени менен бирге болоор, Мекеним?
Аттиң өмүр, мезгил келсе кетээрмин!

 

Канча жанга кездешээрмин жашоодон?
Кастык, достук, жоро-жолдош ийилсем,
Болоор-болбос, кээси калар - Ала-Тоом,
Как жарылсам жан азыгым жалгыз сен!

Ала-Тоо

Ардак ЧАПАЕВ

Ала-Тоо

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 13-09-2016, 20:29
0
367

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх