Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

ЖАЛГЫЗ МҮРЗӨ - (Новелла)

ЖАЛГЫЗ  МҮРЗӨ - (Новелла)

 

Күн үп болуп турган, долононун түбүндөгү секиде керимсел желге жонун салып олтурган абышка,   жүз аарчууга кештелеп сайган саймасын аса-муса жыгачындай какшайган, эттери тартылып каржайып калган колу менен сылап, жигит  кезин көз алдына тартып олтурду. Анысын да  кисеге салып, кайыштан өрүп жасалган атасынан калган курга байланып  алат. Аздектейт, ананчы бул жуз аарчы белек болгонуна канча жыл болду. Анда Токтобү эки өрүм олоң чачы буттун  соогончогуна түшүп, кундуз тебетейи башында сеңселип, ак жибек жеңинин учу аппак колун жаап, сыкмасы боюна куп жарашып, буралып басканда канча жигиттер өпкөсүн чаап, артынан жүгүрбөдүбү. Ушул ойлордун кучагында аттын үстүндө үргүлөгөн адамдай шылкылдап тээ сайдан тамындагы боз үйдү көздөй түшүп кел жатты. Ал учурда байбичеси да жол карап качан келет деп олтурган.

Коломтодогу кара чайнек какылыктабаганда жакага кеткен   баласын ойлоп, эсен аман келип калса экен деп санаага батып олтурган кемпир бул ою менен канча олтурат эле ким билет. Эриндери кургап кеберсип, суусап олтурган Токтобу кемпир ордунан очорулуп барып араң туруп, аса-муса таягын колго алып, кара чайнекти оттон алып, чопо чыныга сууну толтуруп куйду да, байынын жолун карап, касабанын үстүнө көз чаптырды. Мөңгү күнгө чагылышып, көзү тунара түшүп, эч нерсе деле көрүнгөн жок, чөнтөгүндө жүрө берип, капкара болуп калган кара курутту сууга  салып жиберди. Талканга бөлөнүп жасалган курут ысык сууга туруштук бере албай тарс жарылып талкаланып жайыла түштү.  Жука жайылган чабатыдан бирди ушалап салды эле кемпирдин нан үшүтө кыла турган тамагы даяр болду.

Боз  үйдүн сыртында кантарып койгон боз жорго гана кээде бышкырып, куйругу менен эки жонун чапкылап, ылаалап,   көгөндөн жүдөгөн бутун жерге дүк эткизе бир уруп койгону болбосо, айлана жым-жырт, эски боз үй комсоо көрүнүп, ар кайсы тешилген жеринен күндүн нуру үйдүн ичине тийип турду.

Байын күтүп курсагы ачканбы, акыры олтуруп нанүштө кылып алууга киришти. Таң үрүл-баралда, куланөөк салып келе жатканда жылкыга кеткен чалынан, күн аркан бою көтөрүлүп калганда деле дайын жок. Кыязы жылкылар тигил эле Чоголойдун үстүндөгү Ат-Жайлоо тарапка чыгып кетсе керек. Кичине куурма чайды чаңкаганда ичесиз, деп көөкөргө куюп, куткундун үстүнө жабылган торчукка ороп канжыгасына байлап берген. Буга байы да көнгөн, кээде көөрчөк же бозо, же максым куюп байлап алчу. Байынын жакшы көргөн суусундугу ушул. Эчкинин сүтүнөн жасалган кымыз аны мындагылар көөрчөк деп коюшат. Байынын жылкыга алып баруучу тасмиясы болгону ушул. Карыган сайын байынын тежемел баладай этият кылып калды. Тиши да калбаган сексенден ашкандан кийин кайдагы тиш дейсин. Анан кантсин, кээде ымырт тартып караңгы киргенде кетип, таңга жуук келет, кээде бүгүнкүдөй  таң куланөөк салып калганда кетип, күн шашкеде келет. Эр жетип  уулу атасынын колуна иш алып калды. Ал да чөп чаап, короого жыйнап келейли деп жакага кетенине үч күндөй болду, жуманын аягында келип калам дегенден Токтобу байбиче жол карайт. Ошол түбүн түшкүр санаа менен олтуруп, кичине өзөк жалгагынын деле билбей калды.   

Ой, жылкы десе эле эт-бетинен кетип, ичкен оокатын да эсинен чыгарып ийет. Атасын тартып  баласы да ушундай, эмнеси болсо да тынччылык эле болуп,  уулун үйлөп алса колу узарып, келин жумшап, уулуна деп бекитип жүргөн буюмдарын, тигил кара сандыктан алып, аманаттан кутулуп, келинге да кырк жылдан бери сактаган ак жоолугун башына салсам дегенде таң атып кетет. Куданы кандай тосуп, кандай узатаарын ийне-жибине чейин ойлонуп чыгат.

Антпегендечи, ушунча жылкыны айдап жүрүп  уулуна эч нерсе кылбаптыр, деп аңыз сөз болуп кетсе кантесин. Кудаң деле берсең берет. Кемпирдин сактаганы өзү кыз кезинде кийген хан паашалар кийүүчү, саймалуу, эки четине кундуз чегерилип, үстүнө таажы тагылып жасалган жыга-тебетей. Экинчиси, кайнатасынан калган кылыч менен күмүш саптуу камчы. Бул үйдөгү эң аздектелген буюмдар ушулар.  Ал эми сыртта аза байланып турган аттын эки капталына күмүш бастырылган-акдырга ээри. Ээрдин кашы менен капталындагы акдыргасына бастырылган күмүш деле жээлип жок болоюн деп калган. Бирок эскирсе да көргөн билгендер ушул кезге чейин мага сат, мага сат деп асылып келе беришет,        

Байы деле камбалага жазылчудай болуп, кээде болор болбос немеге ачууланып,деги эле калабалуу-камчысын үйүрүп калат.

-Бай, бай бир ачууңду бер, экинчи кайталанбайт,-деп бүжүрөп калса кайра тез жазылып кете турган адаты бар.           

Тигине эки өңүрүн далбактатып,атын жетелеп, жөө тээ Ат-Жайлоо тараптан түшүп келе жаткан бул ушул Токтобу  байбиченин байы Туткуч чал.

Аңгыча тээ төмөн жактан да чаң уюлгутуп атынын жүрүшү катуу бирөө келе жатты.  Кемпирдин жүрөгү бир нерсени сезгендей талдырмач жүзү бозоруп, дааруучу адаты кармап бир жаман кабар экенин сезгендей, жаман кабардын эпкини келгенсип,   кайырма жака шалча көйнөгүнүн бүчүлүү  жакасын карманып, жүрөгү опколжуп карап турду.

-Түү, түү жакшылык болгой эле,- деп алды.

                                               ***

Ылдыйдан келе жаткан уулу экен, чыны кесеге суу толтуруп алып чыгып, уулунун башынан айландырып, тээ алыс алып барып, чачып келип.

-И айланайын,эсен аман келдиңби, жолуңду карай берип, уйкум качып кыйналып жаттым эле келип калганың ырас болбодубу, атаң байкуш  да күндө жылкыга чыгып кыйналып жатты эле. Негедир баласы мурдагыдай шайдоот эместей көрүндү. Атасы менен деле сумсайыңкы учурашкандай туюлду кемпирге. Негедир жүрөгү бир жамандыкты сезгендей болуп кемпир өзүнө келе албай турду.

-Ата, согуш чыгыптыр, душман өлкөбүздү басып келе жатыптыр.

-Ок, эмне дейт,-балаң түшкүр, кайдагы душман экен,-  деди атасы чок баскандай чоочуп алып.

-Немистер,- дейт?!

-Немисттерби?-деп чалдын колунан камчысы түшүп, боз үйдүн эшигиндеги дөңкөчкө көчүк басып олтуруп калды.

-Ошол, жүрөгүм бир жамандыкты сезип турган,- деп кемпир, көзүнө жаш ала түштү.

-Мага да аскерге чакыруу кагаз келиптир, ошого чөптү да толук чаппай эле сиздерге келдим,- деди,уулу сумсайыңкы.

Бул саам атасы үн катпай тунжурап ой басып олтуруп калды. Жалгыз уулумду көрө койгонун карабайсыңбы? Балам согушка кетсе, мени ким көмөт, өлсөм сөөгүм талаада калатго,- санага бата түшүп кайра тирилди. Анан эмесечи, илгертеден айтылып келген, «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде деп» душман үйүнө кирип келе жатса балам бекинип жатса болмок беле. Кудай башка салганын көрөрмүн, уулум жеңиш менен келсе, ошондо башты бийик көтөрүп,элге той берип, келин алам деп өзүн- өзү сооротту.

-Уулумду жибербейм, мени өлтүрүп анан алат. Жалгыз уулумду кантип согушка жөнөтөм,-деп кемпир жинденип өзүн-өзү тыта баштады.

-Туткуч чал камчысын кармап кайраттанып оордуна турду.

-Сен эмне, жинденип жатасын,душман үйүнө кирип келе жатса, менин уулум качкын болуп, бекинип калыш керекпи, мен эртен элдин бетин кантип карайм. Бас  үнүңдү. Тур андан көрө камын, мен койдон алып келип бирди соёюн, сен каттама боорсок бышыр, элден бата алып берейин. Жибербей коюшка кандай чараң бар, керек болсо мени да алат,-деп бир кайраттанып бакырып алганда кемпир бүжүңдөп калды, чындыгында Туткуч чалдын мындай ачуусу келчү эмес, бир жагы акыйкаттыктын жогуна жаны ачып турду. Бир жагы балам качкын болбош керек деген чечимге келди. Сталин менмин дегендерди эл душманы деп аттырып жатса, менин балам ага ким болуп калыптыр, качкын жоо келсе мекенин таштап качты деп күнөөнү оңой эле коет, деп сүйлөнүп жатты. Айтса айтпаса төгүнбү.

Согуш чыгыптыр деген кабар, аба менен да желп эткен жел менен да тоо аралап таркап, элдин үшүн алып жатты. Чын эле эртеси Туткуч чал баласына бата алып берейин деп эл чакырып жатса, тигил эле Сүйөркулду да аскерге чакырган кагаз келиптир, чийедей жаш балдары менен аялы жаш калып олтурат. Эки күн туруп, уулун ат менен жакага алып барды. Колхоздун кеңсесинин эшигинде  ызы- чуу түшүп ыйлап сыктаган эле адамдар, аялдар жаш балдар. Согушка жөнөп жаткандардын ичинде кырчындай жаш жигиттер, отуз ашып калган эр азаматтар катар тизилип туруптур. Туткуч чалдын жалгыз баласы Турабай да барып катарга туруп калды. Бир татар аскерче кийинген адам буйрук берип, арабага салып, эки үч аскердин коштоосунда алып кетти. Кыйлага чейин арабанын артынан барып, ыйлабашка аракет кылып, кайраттанып жатса да, көзүнө жаш ойноктоп кетти.

- Оомийин!,- деди Тутукең аттын үстүнөн туруп, эсен аман барып, Жеңиш менен кайтып келгиле!!! Арабада бара жаткандар да аны коштоп жүгүрүп келе жаткандар да бата кылышып, чаңга аралашып чоң саданын түбүндө кала беришти.

 

                        *****

Турабай согушка кеткенден кийин кемпир чалдын үйүнө түн түшкөндөй эле болуп калды,уулу эми эле келип калчудай болуп төмөн жакты карап калышты. Сүйлөшкөнгө сөз түгөнүп калгандай, кемпир чалдын ойлогону эле эми уулу эсен аман келсе экен , канатынан айрылган куштай болуп, жылкы менен биртке койго чыгып келиш да чалга кыйынга тура баштады. Айрым учурда кайда баратканын да билбей калчу болду, басса турса санаа басып, ошол санаанын кучагында өзү менен өзү сүйлөшүп, кээде кемпирин да сөгүп калат, элдин катындарына окшоп беш алтыны төрөп салса, мынчалык  санаага батпас беле ким билет. Жалгыздын иши курусун деп илгеркилер бекер айтпаган тура, өкмөтүндө деле, Сталиниңде деле акыйкаттык жок окшобойбу. Болбосо жалгыз баласын  согушка алып кетет деген не шумдук. Андан улам дагы санаага түшөт, душман деген душман жалгыз балаңа  карайбы, өзүңдү да өлтүрүп мал мүлкүңдү тоноп кетет. Илгертеден ата бабалар айтып келген «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деп, ушул сөз гана күч кубат бергендей. Ынырчактын үстүндө олтурган чал, ынырчактын катуу жыгачтары көчүгүнө өтүп кеткенин сезген деле жок, бир гана оордунан обдулуп турганда гана жамбашы уюп калганын сезди. Санаа курусун. Кээ-кээде тогуз коргоол ойной койчу, Кочкор байды согушка алып кеткени жаман болду, балким ал болсо мына бул тактайдын бетиндеги тогуз үйдөгү корголду санашып, талашып жатып бир аз болсо да алаксыйт белем деп чал, жаңактан чабылган, тогуз корголдун тактасын колуна кармалап туруп, көзүнө жаш ойноктоп кетти. Ушул тактача болбогонуна өкүндү, бир тактанын бетинде тогуздан үй бар, тогуздун ар бирине тогуздан коргол берилет. Кудай мага тогуз уул берип, тогуз үйлүү кылып койгондо барбы деп кетти. Биринчи үй куйрук, ат өтпөс, текилдек, далы, бел, ак колтук, эки тишти, көк моюн, ооз, ал эми экинчи тарабында болсо куйрук, ат өтпөс, жаман үй, белдин алды, бел, ак далы, эки тишти, көк моюн, куу моюн бул үйлөр кандай бактылуу тогуздан корголу бар, ошентип баары сексен бир, жалпысы бир жүз алтымыш эки коргол оюнга чыгып кармашат.  Ушулардын аттарын Кочкорбай билбей эле корголдорун койкоңдотуп санап сала берет. Бул кайсыл үйдө десем эле чайналып калчу. Эми согушта кантип жүрдү болду экен, мылтык атыш мындай турсун аны кармап көрбөгөн кудай момун жан болчу. Ата баба сөзүндө не керемет жатпайбы. «Жалгыз аттан чаң чыкпайт», «жалгыз дарак токой болбойт», «Жалгыз таруу ботко болбойт» деп мунканган экенго.Ошол жалгыздыктын азабына мен уулум экөөбүз тартып олтурабыз.

Турмуш да күндөн күнгө оорлошуп бара жатты, анча мынча тапкандын баарын согуштагы эр азаматтарга деп жөнөтүп жатышты. Туткуч чал да сар санаадан саргайып, сыртынан сыр билдирбегени менен ичинен ооруп, канчалык кайраттанайын десе да жаны жер тартып жүрүп, төшөккө жатып калды.Эптеп колхозго кабар кылып,жылкысын тапшырып, айылдагы жепирейген жер тамына көчүп келди. Мына ошол күндөн баштап кемпирге эки эсе түйшүк түшүп,  малды да карай албай, ар кимге кошуп, үйдө байынын жанынан чыга албай, ушул эсен турса экен деп тилеп калды. Бирок Туткуч чалдын абалы оорлошуп жатты, кемпирди ан сайын санаа басып, байым бир нерсе болуп жаза тайып көзү өтүп кетсе көрөр күнү кандай болоорун элестетсе акыбалы оорлошуп келет. Адам деген чыдайт тура, айла канча, эртели кеч жол карап, ушундайда уулум келип калса, атасы бул ооруудан сакайып оордунан туруп кетет эле дейт. Кеткенден бери кабар жок, Кат ташыган Майрык да кемпир чалдын үйү жакка деги келбейт, барып кат кабар барбы деп сураганга акыбалы жок. Эми булардын таянганы жалгыз оорукчан тууганы Айты болуп калды. Соо болгондо муну да алда качан согушка деп алып кетмек. Эки күндүн биринде эле кара кагаз деген келип жатканы да Токтобү кемпирдин санаасын санга бөлүп, уулум аман эсен келип калса экен дегенде эки көзү төрт болуп жол карайт, бир жагынан күн өткөн сайын Туткуч чалдын акыбалы оорлошуп баратканы да жакшы иш болбой калды.

 

                                   ****

Туткуч чалдын көзү өттү. Айылдагы бирин серин чалдар   келишип, жаназага турушуп, Туткуч чалды жерге беришти. Жаман боз үй ангырап,эртели кеч кошок кошуп ыйлаган болгон Токтобү кемпирдин гана болор-болбос үнү чыгып барып, ал да үнү каргылданып барып сөзүнүн аягы чыкпай калып жок болот.

Айты келип кемпирге кайрат айтып калды.

-Току апа, өлгөндүн артынан эч ким өлгөн эмес, кайрат кылып, андан көрө балаңдын аман эсен келишин тиле. Сен өлүп калсаң балаң келип калса кайда барат? Эч болбосо ошол аман эсен келип өзүнө балаңдан топурак буйрусун деп тилек кыл. Тилек кыла берсен кудайга үнүң жетет, уулуң келип калат деди.

-Чын эле,- деди бышактап,жоолугунун учу менен көз жашын сүртүп олтурган кемпир. Кайрат кылбасам болбостур деген чечимге келди. Балам келгенче көзүм тирүү болсо экен деди.Ошондон кийин эшик эликке чыгып калды, уулум келип калат деген үмүт тилек, кемпирдин жан дүйнөсүн ээлеп алды.Эртели кеч бир ууч талканын көтөрүп Айтыныкына барып, өзөк жалгап алып, күн чыгары менен жер үйдүн жол жак капталына олтуруп алып, тээ этек жакты карап ким келе жатканын санап, баласынан карааны көрүнүп калчудай болуп олтура берет.

Согуштан күн сайын суук кабар келе берип,жүрөгүнүн үшүн да алып бүттү. Тилеги эле баласы эсен аман келип калып, кемпирге топурак  салганга жетсе, санаасы тынч көрүмдө жатсам дегенде уйку качат. Бирөө жарымдан кабар келиптир десе да учуп жетет, баласы Турабай жөнүндө жазбаптырбы деп сурайт. Көңүл жубатканы баары тынч экен, немистер жеңилип артка кетип жатыптыр, жакында келип калат деп койсо ошого канчалык каниет кылып сүйүнүп калат.

Айтыкулдун үйүндө олтуруп, керээзин айтып калды.

-Бу Айты жаза тайып уулум келгенче көзүм өтүп кетсе, жалгыз бечера кемпирдей кылбай, катыныңа кошок коштуруп, балдарыңды менин эшигимдин алдына катар тургузуп «Энем ой, эми кайдан көрөбүз дегизип өкүртүп, келген кеткенге урук тукуму бардай кылып койгун», анын үстүнө катының деле   кызымдай болуп калды. Анан менин жазатымды тээ чон мазарга койбостон Кабак-Үнкүрдүн үстүндөгү бийик дөбөгө, тээ жалгыз саданын түбүнө койдургун, мен баламдын келер жолун карап жатайын.

-Кайдагыны айтасыз бусурман, балаңыз келип калат, өз колу менен көөмп,топурак салат, журт эмеспизби, сизди чоң урмат сый менен коебуз. Чалыңыздын жанына эле коебуз.

-Тилегиңен айланайын, нечеки айтып жатам, ысык жанбыз да, анын үстүнө оокат-аштын да мааниси болбой, күндөн күнгө начарлар бараткансыймын. Байым кайтыш болгондон бери кубат жок, элде бекер айтылбаган экенгo «бакырчак болсо да төөнүн бары жакшы» деп, ошол байым аман турганы жакшы эле. Ал дайым жүйөөлүү сөз айтып, жөнгө салып турар эле. Эми эч ким жок, силерден башка кимге таянмак элем, менин керээзимди эки кыла көрбө, анткени кимди кандай узатыш керек,бул жерде сен айткандай гана болот. Кадыр баркың бар, сөзүң өтүмдүү ошондуктан айтып жатам, кокус жаза тайып балам келгенче көзүм өтүп кетсе, ошол мен айткандай кылып койгуң. Анан тигил жалгыз уйду кийин союп ашымды өткөрүп коерсуң?!

 

-Ой, жарыктык энекем, эмне эле мынча кайтканга кам уруп калгансыз, эл кыйналып, минтип согуш бүтпөй, тапкан ташыганды фронтко деп жөнөтүп жатсак, уйду сой деп. Уйду коюп эле бир майда жандык табылар, аны уулуңуз келип калса, үйлөйсүз, келин аласыз, мал керек эмеспи? Жакшы тилек кылып,үмүттү үзбөй туруңуз. Жакшы тилек жарым ырыс дейт элибиз. Жакшы тилекке не жетсин.

-Ырас айтасың айланайын, карыганда ушутип жөөлүп калат турбайсыңбы? Капа болбо, бирок менин керээзимди унутпагың.

-Унутпайм эне унутпайм-деди Айты чегип жаткан назын жерге түкүрүп жатып. Токтобу кемпир ордунан очорулуп барып аран туруп, үйүн көздөй басып кетти.

-Каран калган согуш эртерээк бүтүп, ушул кемпирдин жалгыз баласы аман эсен келип калса экен. Байкуш кемпир жалгыз уулун көрүп өлсө арманы деле калбайт эле. Келин жумшаймын, небере багамын деп тилек кылып  жүргөнүндө карабайсыңбы, кара басып согуш чыгып кеткенин.

 

 

                           ****

Токтобу кемпирдин баласынан кара кагаз келгенине бир жумадан ашып калды, кантип угузабыз дешип, Айты аксакал баш болуп, айыл элинин башы катып турду. Токтобү кемпир төшөктө жатып калды. Балким анын жүрөгү сездиби ким билсиң. Айты угузбай  кое туралы, жакшы болуп, төшөктөн туруп,эшик эликке чыгып калса анан айтып угузбасак азыр оор болуп калат. Ансыз да араң жаны менен жатат деп койгон. Төшөккө жатканына бир жумадан ашып калганда таңга жуук кемпир бул жалган дүйнө менен коштошуп уулун күткөн боюнча өтүп кетти. Жаны үзүлүп баратып да уулум келе жатабы,деп шыбырады, бирок аны эч ким уккан жок. Кемпирди айылдагы чал кемпирлер топтолуп жерге беришти. Айтынын балдары жепирейген эки бөлмө тамдын эшигинде «энем ой» деп үн чыгарып өкүрүп турушту. Токтобү кемпирдин өлөрүндө айткан керээзин аткарып, молдонун каршы чыкканына карабай Кабак –Дөңдөгү жалгыз саданын түбүнө  жалгыз мүрзө казышып коюшту.

 

                        ****

 

-Ата Кабак –Дөңдөгү жалгыз саданын түбүндө ак көйөнөкчөн, аппак жоолук, чачтарын ак бубак баскан кемпир жол жакты карап олтуруптур. Кимдир бирөөнүн күткөндөй, телмирип  карап олтурат.  Жанында мүрзөгө окшогон дөңсө бар экен деди Айтынын кичи баласы Субан.

-Качан көрдүң?

-Кечээ, айылдан келе жатып, алгач ат кошкуруп, кишинеп баспай туруп алды, анан негедир эле ыкчамдап басып жүрүп берди. Кемпирди көрүп өзүм да коркуп кеттим, бирок ал калыбын бузган жок, ошол калбында олтуруп кала бери.

-А байкуш кемпир өлбөгөн тура, анын руху тирүү турбайбы? Ал баласын күтүп олтурат, ары бери өткөнүңдө коркпой эле ошол жерге түшүп, куран окуп тур,-деди Айты.

 

            ***

Ушул учурда Муром шаарында госпиталда оор акыбалда жаткан Турабай, апасына жазган катын медсестрага табыштап, акыркы күчүн жыйнап, «Апам жол карап олтургандыр, мени келет» деп акыркы сөзүн айтканда үзүлүп кетти. Медсестралар тызылдап жүгүрүшүп калды. Эртеси шаардагы көрүстөнгө сөөгү берилип, «Турабай Туткучов 1921-1944-жыл» Героический погиб Великом Отечественном войне» деген тактайча илип коюшту.

 

                                   ****

 

Токтобү байбиченин арбагы уулум келип калар деген үзүлбөгөн үмүт менен жол карап келет. 

 

Абдымомун КАЛБАЕВ,

Аксы району

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 3-03-2017, 10:36
0
347

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх