Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:58
Мамлекеттик комитетти жетектей турган Осмонбетов телевизор уурдаганбы?
16:57
Депутаттын уулу! Дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров тууралуу 5 факты
16:56
Башкы прокуратура Белизден келген документтер боюнча иш козгоодон баш тарткан
16:55
ЖК Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин Жогорку соттун судьялыгына жактырды
16:53
Ун менен шекер кымбаттады. Азык-түлүк, жашылча-жемиштин учурдагы баасы
16:51
Садыр Жапаров эмнеге акталбай калганын аны соттогон судья түшүндүрүп берди
14:12
Мамлекеттик комитетти жетектей турган Осмонбетов телевизор уурдаганбы?
11:36
Президент Жээнбековду ташыган учакты алмаштыруу сунушталды. Себеби эмнеде
11:18
Россиянын "Искандер-М" ракеталык комплекси Кыргызстанга жөнөтүлдү
10:30
Адис: Казакстанда банкрот болгон ишкерлер өлүмгө дуушар болууда © REUTERS / Toru Hanai / File Photo АЗИЯ
10:28
Мыйзам бузган 3847 киши Россиядан чыгарылды. Арасында КР жарандары да бар
10:10
Бишкекте курулуп жаткан үйдүн 10-кабатынан киши кулап, ооруканага түштү
09:51
Баткенде унаа сайга түшүп кетип бир адам каза тапты
16:11
Бишкектин врачтары ымыркайларды сатууга шектелүүдө
16:07
Төө-Ашуудан өтүү үчүн алынган акча кайда кетет? Министрликтин жообу
15:46
ВИДЕО: Пенсионерди албай кеткен айдоочу үчүн жетекчиси кечирим сурады
15:11
Кочкор, Өзгөн жана Токтогулдун айрым айылдарында балдар чатырда окуп жатат
14:26
Баңгизат саткан майыптар, тонолгон Илимдер академиясы. 90-жылдардагы кылмыштар
12:35
Роналду камерага сүйлөп жаткан журналистти шылдыңдады.
12:33
ВИДЕО: Бишкекте пенсионерди салбай кеткен №223 маршрутка айдоочусу жазаланабы?
12:29
Экономика министрлиги ишкерликтин кирешелүү 5 түрүн айтты
12:28
Россиялыктар кыргыз товарларын көбүрөөк сатып ала башташты
12:27
Бишкек ТЭЦинин директору кышкыга даярдык тууралуу айтты
09:54
Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү
09:49
Бүгүн Боом капчыгайындагы жол жабылат
09:38
Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат.
16:42
Жылкы кымбаттады. Үйлөнүү тойдун быйылкы баасы канча?
16:38
Аалам аралап кеткен Көчмөндөр оюндары. Иш-чарадан мыкты 10 сүрөт
14:26
Жалгыз бой кемпирди куткаруучулар сактап калды. Токмоктогу окуя
14:25
Армения демилгечи болду. Жээнбеков менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
12:00
Ак-Сай жайлоосунда кар жаады
11:59
Депутат мэр Азиз Суракматовду Гиннес китебине киргизүү тууралуу айтты
11:39
Рыскелди Момбеков өкмөттөгүлөрдүн "түркөйлүгүнө" нааразы болду
11:37
Бишкекте эки кыздын бөйрөксүз сөөгү табылдыбы? Милициянын жообу
11:34
Депутат Ысык-Көлдө киши өлүмүн азайтуунун жолун сунуштады
11:33
Депутат Жамангулов: тойлорго беш жылга чейин мораторий киргизүү керек
11:32
Рамзан Кадыров Тимати менен Хабибдин тирешинен кийинки кепке чекит койду
11:31
Окумуштуулар кыз-келиндерге кандай эркектер көбүрөөк жагарын аныкташты
09:28
Бала сатты деген гинекологдор. Багажниктен чирип бараткан түйүлдүктөр табылган
09:26
Коопсуздук кеңешинин катчысы коомду дүрбөткөн 5 иш боюнча маалымат берди
09:24
Жол инспекторлору окуучулар үчүн эреже китепчесин чыгарды. Сүрөт
09:23
Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт
09:21
Бишкекте диний аалымдар, эксперттер чогулган эл аралык ири иш-чара өтөт
16:30
Илимдер академиясында КМШ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланат Толугураак
16:29
Өзгөндөгү жер көчкүдөн улам салынып жаткан 2 мектептин долбоору талапка жооп бербейт, - акимдин орун басары Б.Дыйканбаев
Бардык кабарлар

Москва соту элди тебелетип алган Чыңгыз Анарбек уулунун арызын бүгүн карайт

Жаңылыктар
1 579
0

Соттук отурум Бишкек убактысы боюнча 12:40ка белгиленген.

Москва шаарынын соту 9-июлда аталган калаада жүргүнчүлөр менен туристтерди коюп кетип, камалган кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулунун арызын карайт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Соттук отурум Москва убактысы боюнча саат 10.40ка белгиленген.

 


Москва шаардык милициясынын маалыматына караганда, 16-июнда Ильинка көчөсүндөгү 5/2 үйдүн жанында такси жолдон чыгып, тротуарда кетип бара жаткан кишилери койдуруп кеткен. Рулда кыргызстандык жаран Чыңгыз Анарбек уулу болгон. Милиция окуядан жети, ал эми Саламаттык сактоо департаменти сегиз кишинин жабыркагандыгын кабарлаган.

 

Ал окуядан кийин Москванын Таган райондук соту Москвада жөө элди койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулун эки айга, 16-августка чейин камакка алган.

Сотто сүйлөгөн Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жаткандыгын айткан. Ал такси кызматына карызынан кутулуу үчүн мындан бир ай мурда орношкондугун билдирген. Автоунааны киреге алган.

Таксист бир нече күн эс албай иштеп, окуя болгондо газ менен тормоздун педалын алмаштырып басып алгандыгын айткан. Ал элдин алдында жабырлангандардан жана алардын туугандарынан кечирим сураган.

Россиядагы Кыргызстандын элчилиги мекендешти жактап чыгып, РФтин Кылмыш жаза кодекси боюнча эгерде адам өмүрүнө катуу зыян келбесе, кылмыш иши козголбой тургандыгын жүйө катары келтирген.

 


КР дипломаттарынын пикиринде, кармалган жаран административдик тартипте жаза алышы керек. Элчиликтин өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Анарбек уулун камакка алуунун кереги жок. Эгерде үй камагына алынса, элчилик аны убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууга даярдыгын билдирген.

 

Тергөө кыргызстандык жаран тергөө абагына киргизилбесе, ал чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн деген. Анарбек уулу окуя болгон учурда "топтолгондор аны өлтүрүп коет" деп корккондуктан, качып кетүүгө аракет кылганын түшүндүргөн.

РФтин Кылмыш жаза кодекси боюнча кыргызстандык жаран эки жылга камалып жана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылышы мүмкүн.

Таксисттин апасы менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеоматериалынан көрө аласыз.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180709/1040087658/moskva-sotu-chyngyz-anarbek-uulunun-aryzyn-karayt.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно