Turmush - Баткен облусунун Кызыл-Кыя
шаарында жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынууда. Бул тууралуу Кызыл-Кыя
ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардагы кара куурайлар жыл сайын жок
кылынат.
«Аларды оруп, бир жерге чогултуп өрттөп жок кылабыз. Бул жылы
бөлүмдүн кызматкерлери «Кара куурай 2018» операциясын жүрүгүзүштү. Анын
алкагында шаардагы 12 гектар аймак иликтенип, каналдардын, арыктардын жээгинде
өскөн 3 тонна кара куурай жок кылынды», - деп айтылат маалыматта.
http://batken.turmush.kg/news:348816/?from=kg_turmush&place=newstoplast