Turmush-Баткен району боюнча малдарды жасалма уруктандыруучу жалгыз адис Галбай Айдаров өткөн жылы 130 уйду уруктандырып, 100гө жакын асыл тукумдуу төл алды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, жасалма уруктандыруу жолу менен алынган мал 170 миң сомго чейин бааланат.
«Малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн жасалма уруктандырууну колго алуу зарыл. Бирок элде маалыматтын жоктугунан бул тармакка көңүл бурулбай келүүдө. Баткен облусунда бодо малды жасалма уруктандыруу мындан 10 жыл мурда эл аралык уюмдардын каржылоосу аркылуу башталган. Пилоттук программанын алкагында Кадамжай районунан 5 айыл өкмөт, Баткен районунан Дара айыл өкмөтү кирген. Каржылоо токтоп калгандан бери биз өзүбүз сатып алып уруктандырабыз. Мурда айына бирден фермер чакырса, азыр 10-15 адам чакырат. Анткени анын пайдалуулугун билип жатышат. Жасалма уруктандыруу жолу менен алынган мал жөнөкөй малдарга караганда эки эсе эттүү, сүттүү жана баасы да кымбат келет. Мисалы өткөн жылы эң жогорку баа 170 миң сомго жетти.
Уруктандыруунун акысы 1200 сом болот. Мен алгач жасалма уруктандырууну үйрөнүү үчүн Индонезияга барып, 1 айлык курстаокуп келдим», - деди Айдаров.
Баткенде көбүнчө швиц, лимузин, симментал жана абердин-ангусс породалары алынат.⇳
Аймактык кабарчы былтыр февраль айында Баткен районунун Чек айылынын 56 жаштагы тургуну Галбай Айдаров 3 жылдан бери бодо малды жасалма уруктандыруу менен алектенип жаткандыгын кабарлаган.
Өзүнүн айтымында, ветеринардык 38 жылдык тажрыйбасы бар.
«Мен атайын малды жасалма уруктандыруу боюнча Индонезиядан 1 айлык курста окуп келдим. Индонезиянын тажрыйбасында жасалма уруктандыруу өтө күчтүү экен. 3 жыл аралыгында Баткен району менен шаарда 170тен ашуун бодо малды жасалма уруктандырдык. Бодо малды уруктандыруу мал ээсинин үйүнүн алыс-жакынына жараша бааланат. Чек айылында 1000 сом, Баткен шаарында 1200 сом, айылдын алыс же жакынына жараша 2 миң сомго чейин болот», - деген болчу ал.
Каарманыбыз буга катар эле таза кандуу мал алуу үчүн жасалма уруктандыруу менен 3-4 муун алмаштыруу керектигин кошумчалаган эле.
«Биз ала-тоо, абердин-ангусс породасындагы уйлардын уруктарын алып келип уруктандырып жатабыз. Таза кандуу малды алуу үчүн 3-4 муун басып өтүү керек. Алгачкы туулган музоо 50-50% болот. Акырындан кан тазаланып отуруп, таза кандуу малды алсак болот. Асыл тукум мал болгондуктан жаңы туулган музоолор бир эле учурда 4 литрге чейин сүт ичет. Башка бодо малдардан көлөмү чоң болгондуктан, чөптү 2-3 эсе көп жейт. Биз багып келген бодо малдар аз чөп жеп, көп калдык чыгарып келсе, асыл тукум малдан калдык чыкпайт. Биз жасалма жол менен уруктандырган 2 жаштагы музоо 140 миң сомго сатылды», - деген ветеринар.
http://batken.turmush.kg/news:342692/?from=kg_turmush&place=newstoplast