Turmush -
Бүгүн, 14-июлда Сүлүктү шаарындагы шахта көчкөн учурда камалып калган
адам каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына ӨКМден
билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар анын денесин саат 17:00до
таап алып чыгышты. Маркумдун денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.
Окуя тууралуу:
Бүгүн, 14-июлда ӨКМ Лейлек районунун Сүлүктү шаарындагы
шахтадан 3 адам чыга албай калгандыгын билдирген.
Маалыматка караганда, «Байкал» ЖЧКнын шахтасында катталган
кырсык жөнүндө маалымат ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын тоо-кен
куткаруу кызматына саат 12:30да түшкөн. Кырсык болгон жерде иш алып баруу үчүн
11 куткаруучу тартылган.
Аталган маалымат жарыялангандан кийин көп өтпөй ӨКМ өзүнүн
мурдараак берген маалыматына тактоо киргизип, шахтада калып калгандар 3 адам
эмес, 1 адам экендигин кабарлаган.
Сүлүктү мэриясынын маалыматына караганда «Байкал» ЖЧКсы
Сүлүктү шаарындагы шахталардын катарында каттоодо жок.
Андан кийин шахтада камалып калган адамдын ким экени
такталган:
Сүлүктү шаарында көчкү басып, чыга албай калган адамдын ысымы
такталган.
ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы Камчыбек
Айтымбетовдун айтымында, шахтада көчкү болуп 1981-жылы туулган М.Замир камалып
калган. Ал Исфана шаардык башкармалыгынын Чимген айылынын тургуну болгон. Азыр
анын шахтада өлүү же тирүү экендиги тактала элек болчу. ӨКМдин куткаруучулары
тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан.
Сүлүктү шаар мэри Рахман Эрматов «Байкал» ЖЧКсы Лейлек
районунда каттоодон өткөндүгүн, анын жетекчиси Асылбек Ашимов экендигин
маалымдаган.
http://batken.turmush.kg/news:348963/?from=kg_turmush&place=newstoplast
<!--
[if !supportLineBreakNewLine]
-->
<!--
[endif]
-->