Turmush -
Кадамжай районунда жыл башынан бери 2 өспүрүм өз өмүрүнө кол салды. Бул
тууралуу Кадамжай райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун ар бир айыл
өкмөтүндө жана мектептерде жаш өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусун алдын
алуу, кылмыштуулуктан арылтуу, сууга түшүү эрежелин сактоо боюнча жыйындар
уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ага акимчиликтен өкүлдөр, орган
кызматкерлери, дин кызматкерлери, мугалимдер жана ата-энелер катышууда.
«Жыйында суицид, чет өлкөгө чыккан мигранттардын балдары
кароосуз калышы, өспүрүмдөр сууга түшүү эржелерин билбей сууга түшүп
жаткандыгы, экстремизм жана терроризм сыяктуу маселелер боюнча талкуулар жүрүп
жатат», - деп айтылат райондук акимчилик тараткан маалыматта.
http://batken.turmush.kg/news:348908