Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:29
Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт
10:28
Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды
10:27
Аарылар адамдарды жүзүнөн тааный алары аныкталды
10:26
Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду
10:25
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
10:24
Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби
10:23
Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат
14:53
Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?
14:49
Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жол тандабас агып кетти. Видео
14:46
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
14:45
Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады
14:44
Азаматтар! КР кикбоксчулары Борбор Азия чемпионатынан алтын кур тагынышты
14:43
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
14:42
Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар
14:41
Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
14:41
WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду
14:40
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
14:39
КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот
14:38
Жүрөк "шуу" дейт экен! Мотоциклчен киши аз жерден калган видео
09:32
Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары.
14:26
Бишкекте унаа мамыны сүзүп, эки каттамдын троллейбустары ишин токтотту
14:22
Чүйдө ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
14:10
Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат.
09:38
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
09:13
Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян
15:04
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин
15:01
Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
15:00
Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды
14:55
Юстиция министри кызматынан бошотулду
14:51
Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды
14:49
Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты.
16:29
Кызыл-Кыяда туруктуу турак жайы жок үй-бүлөлөргө 25 батирлүү үй курулуп жатат
16:24
Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда
14:24
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду © Sputnik / Евгений Одиноков АЗИЯ
14:20
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
14:17
Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти
14:15
Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?
14:09
Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
14:04
Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
14:02
Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик
11:15
Кадамжайдын Миң-Чынар айылында тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду
11:11
Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду
11:07
Баткен районунда жарым жылда сүйүнчү пул алууга 993 адам катталды, - ЖААК
11:00
Баткендин Бужум айылында заманбап спорт зал курулуп жатат
10:54
Баткендин Көк-Таш айылында курулуп жаткан насостук станция 70 гектар жерди суу менен камсыздайт
Бардык кабарлар

Фестивалда бүркүт кол салган кыздын абалы жана окуянын чоо-жайы

Жаңылыктар
66
0

Бүркүттү коё бергенде 10 жаштагы кыз оюн талаасына чуркап чыга калганы айтылды.

Ысык-Көлдөгү этнофестивалда бүркүт кол салган кыздын саламаттыгы жайында. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине анын эжеси Назира Акылбекова билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-июлда Тоң районунда өтүп жаткан "Тескей жээк" этнофестивалындагы салбуурун учурунда бүркүт кызга кол салган.

Жабыркаган кыз Азиза Карыйбекова 10 жашта. Ал фестивалда уюштуруучулардын катарында иштеп жаткан эжесинин жанында жүргөн.

"Сиңдим байкабай бүркүт коё берилчү талаага кирип кетиптир. Бул жерде күнөө биз тараптан кетип калды. Кыздын абалы жакшы, башын төрт жеринен тигишти. Бүркүттүн тырмагы бир аз кирген экен. Анан далысы кичине сыйрылган. Учурда үйдө, жакшы эле басып жүрөт. Коркуп калган, дем салдырып жатабыз. Өзүм ошол жерде иштеп келгендерди каттап жаткам. Азиза жанымда мага каралашып турган эле", — деди Акылбекова.

Бүркүттүн ээси Салават Айбек уулунун айтымында, куштун мындай адаты болгон эмес. Бүркүттүн аты Чагылган, 15 жашта. Буга чейин көптөгөн салбуурунга катышып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биринчи орунду уткан.

 


"Мелдеш башталып, мен бүркүттү тосуп алуу үчүн ары жакка тургам, бери жактан коё беришкенде кыз оюн талаасына чуркап чыга калды. Ошондо бүркүт анын үстүнө конуу керек деп ойлоп алган. Эгер кол салуу максаты болгондо катуу чапчып коё бербей коймок. Өзүм 10 жылдан бери мүнүшкөрлүк менен алектенем. Үйдө мындан башка дагы бир үч жаштагы бүркүтүм бар. Экөөнүн тең аты Чагылган", — деди мүнүшкөр.

 

Белгилей кетсек, Айбек уулунун үч жаштагы бүркүтү буга чейин Бишкектеги Hyatt Regency мейманканасында өтүп жаткан шоу-программа учурунда асманга учуп кеткен бойдон жоголуп, эки күндөн кийин табылган

Салбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов бул окуяны кокустук катары кабылдоо керектигин белгиледи.

"Бүркүт салуу мелдештерин 15 жылдан бери өткөрүп келе жатабыз. Биздин тарыхыбызда мындай окуя биринчи жолу болду. Куш келе жатканда кыз илип кетет деп коркуп чыңырып, көмкөрөсүнөн жатып алыптыр. Байкасаңыздар, бүркүт жандыктарды алганда тээп анан чапчыйт. Коё бербейт, араң чыгарасың. Бул жерде кокустук гана болду. Бирок, аябай сарсанаа болуп, фестивалдан кийин балдарга чогулуш өткөрүп "Бүркүттү чаап койдуңар беле, таарынттыңар беле?" деп сурасам андай болбогонун билдиришти. Куштун өзүн текшерсек да жакшы эле чыкты. Оюн талаасынын чекеси тасма менен тосулган болчу. Ал жакка кирүүгө тыюу салынат. Микрофон менен да "балдарды алыс алгыла" деп эскертип турабыз", — деди Акунов.

Бүркүт салуу, далба ойнотуу, тайган жарыш оюндарын камтыган Салбуурундун эрежеси менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышыңыздар.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180716/1040208441/festivalda-kyzga-kol-salgan-burkut.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно