Тurmush -
Баткен районунун Көк-Таш айылында насостук станция курулуп жатат. Бул
тууралуу аймактык кабарчыга Аксай айыл аймагынын башчысынын орун басары
Ташталта Тойчуев билдирди.
Анын айтымында, учурда аталган айылда 314 адам турак жайга
муктаж. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата бул көйгөйдү чечүү максатында айыл
өкмөтү бейөкмөт уюмдар менен бирге Чек-Дөбө тилкесинде насостук станция
курууда. Насостук станция сентябрь айында ишке берилет. Эгер ал толугу менен
бүткөрүлүп, пайдаланууга берилсе электр энергиясы тартылып, муктаж тургундарга
үй курууга жер берүү маселеси каралат. Станциянын сметалык баасы 5 млн сомго
жакын каражатты түзөт.
Ал эми насостук станциянын курулушун жүргүзүп жаткан
Төрт-Гүл көчмө механизациялаштырылган колоннасынын жетекчиси Токтосун Байзаков
станция ишке берилсе секундасына 70 литр суу берип, 70 гектарга жакын жер суу
менен камсыз болорун билдирди.
Насостук станциянын курулушу 2017-жылдын күз айында башталган.
Чек аранын аймагында жайгашкан айылдарда 50 гектарга жакын
жерге суу жеткирүү зарылчылыгы бар. Бул көйгөй чечилсе Көк-Таш айылынын
тургундарына турак жай курууга жер берилет
http://batken.turmush.kg/news:350058/?from=kg_turmush&place=newstoplast