Маалым болгондой, жумалыктын алкагында кечээ, 3-августта Баткен шаарында «Эне сүтү өмүр башаты» деген ураан менен медицина кызматкерлери акция өткөрүштү. Акция эне сүтү тууралуу маалыматтарды жайылтуу, даңазалоо жана 2 жашка чейинки балдардын ден соолугуна кам көрүү максатын көздөйт.
Акциянын жүрүшүндө медайым тарабынан даярдалган сууроо-жооп сынагы өткөрүлүп, туура жооп берген 10 аялга баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле энелер жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда флешмоб уюштурулду. Акцияга 60ка жакын медицина кызматкери жана 2 жашка чейинки балдары бар энелер катышты.
Иш-чара Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндө «Эне сүтү өмүр булагы», «Эне сүтү баа жеткис азык» ураандары астында жөө жүрүш менен коштолду. Акцияга катышкан энелерге маалымат баракчалары таратылды.
http://batken.turmush.kg/news:350051