Turmush -
Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүндөгү Миң-Чынар айылында ушул
жылдын май айында жумушсуз аялдар үчүн ачылган тигүү цехи ишмердүүлүгүн
жүргүзүп жатат.
Актурпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мамажунус
Сатыбалдиевдин айтымында, имаратты курууга жана жабдыктарды алууга 21 миң
доллар сарпталып, анын ичинен 7 миң доллар жергиликтүү тургундардан
чогултулган. Учурда цехте 8 жумуш оруну түзүлүп, кийим-кечелер тигилүүдө.
Тигүү цехинде 2 айдан бери иштеп жаткан Айнагул Ташбаева: «Бул жерде буйрутма менен кийим-кечелерди тигебиз. Аялдардын көйнөгүн 159 сомдон баштап тигебиз. Бир айда 4-5 миң сомго чейин киреше табабыз. Ошондой эле бала бакчадагы балдарга улуттук кийимдерди да тигип беребиз. Буга чейин үй кожойкеси болсом, эми тигүүчү болуп киреше таап жатам. Мен орто мектепти эле бүтүрүп, турмушка чыккам, дипломум жок», - деди
http://batken.turmush.kg/news:350021