Көз жумган киши келинчеги жана төрт баласы менен эс алып жүргөн.
Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 39 жаштагы казакстандык кишини сөөгү 5-августта Бостери айылындагы коттеджен табылганын тастыктады.
Каза болгон жаран келинчеги жана төрт баласы менен Ысык-Көлгө келип эс алып жүргөн. Анын сөөгүн мекенине алып кетишти.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180806/1040500392/ysyk-koldo-kazakstandyn-zharany-kaza-boldu.html