Жаңы жетекчи ички иштер органдарында 1993-жылдан бери эмгектенет.
Талантбек Асаналиев Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
4-августта милициянын облустук башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов аны коллективге тааныштырды.
1993-жылы Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын 8-шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызматкер жана башкы кызматкер болуп иштеген.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын, Бишкек шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгын, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2-шаардык милиция бөлүмүн жетектеген.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек ШИИБ кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Бишкек ШИИБ криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.
2018-жылдын июнь айынан бери ал ИИМдин криминалдык милиция кызматынын экинчи башкармалыгын жетектеп жаткан.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20180806/1040500150/alamudun-miliciyasyn-talantbek-asanaliev-bashkarat.html