Өрт толугу менен жума күнү өчүрүлгөн болчу.
Таластын Манас районундагы Казакстан менен чектешкен Алмалуу жайлоосунун тоо этегинде кайрадан өрт тутанганын ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, бир топ убакыттан бери өрттөнүп жаткан жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп, толугу менен 3-августта өчүрүлгөн.
"Бирок 5-августта саат кечки беште кайрадан тутанып кеткен. Ушу тапта жалынды өчүрүүгө жергиликтүү 200 тургунду кошкондо 350гө чукул киши тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө атайын кызматтар да тартылды.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180806/1040500108/ort-talas-too.html