Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда

Жаңылыктар / Баткен жаңылыктары
886
0

Turmush - Кечээ, 5-августта Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл аймагына караштуу Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечиттин курулушуна капсула салынды. Иш-чарага айыл аймактагы имамдар, аксакалдар жана жаштар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мечиттин имамы Айбек Сариевдин айтымында, курулушка жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк кылып жатат.

«Мечитти жаңыдан куруу демилгесин жаштар көтөрүп чыкты. Буга чейин эски мечит 200 орундуу болуп, 1994-жылы ашар жолу менен курулган. Бул мечит А.Орозбеков айыл аймагында союз тарагандан кийин алгачкы курулган мечит болгондуктан борбордук мечит катары пайдаланылып келген. Акыркы жылдары элдин саны өскөндүгүнө байланыштуу адамдар мечитке батпай калган учурлар көп болгон. Анын негизинде эски мечит бузулуп, ордуна жаңы, заманбап мечит курулууда», - дейт А.Сариев.

Ошондой эле ушул эле айылда жаштардын демилгеси менен курулуп жаткан волейбол ойноочу аянтчанын курулушу аягына чыгып калды. Аянтча Аймактарды өнүктүрүү жылына карата курулуп жатат.

Курулуш иштерине кеткен 600 миң сомго жакын каражатты айылдагы жаштар каржылоодо. Ошондой эле былтыр аталган аймакка 3 млн 600 миң сомго футбол аянтчасы курулган болчу.

Айылда буга чейин волейбол аянтчасы болгон эмес. Ал айылдагы жаштарды спортко тартуу, кылмыштуулуктан арылтуу жана дени сак жаштарды өстүрүү максатында курулуп жатат.

«Бул аянтчалар мурда жеке менчикке өтүп кетүү коркунучунда турган. Бирок айыл жаштары бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, жерди элге алып калган. Андан кийин жаштардын демилгеси менен заманбап спорттук жайлар курула баштады. Учурда жуунучу жай, дарааткана курулду. Ошондой эле балдар аянтчасы да курулат. Келечекте спорт комплекс куруу да пландалган. Элдин спортко болгон мындай аракети жаштарга стимул болуп, жаштар арасында спортко болгон кызыгуу артты. Бул жерден мамлекеттин желегин чет өлкөлөрдө бийик көтөргөн спортчулар чыгат деген үмүттөбүз», - деди жашоочулар
http://batken.turmush.kg/news:350081/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно