Turmush -
Кызыл-Кыя шаарында туруктуу турак жайы жок жакыр үй-бүлөлөргө жана
социалдык жактан муктаж адамдарга 25 батирлүү үй курулуп жатат. Үйдүн курулушунун
90 пайызы бүткөрүлгөнүн шаардын биринчи вице-мэри Адыл Гапаров билдирди.
Анын айтымында, турак үй 10-августта пайдаланууга берилет.
Анын курулушуна шаардык бюджеттен 500 миң сомго жакын акча бөлүнгөн. Калган
каражатты инвесторлор бөлүп берген. Ар бир батирде бирден бөлмө жана ашкана
орун алып, бардык керектүү эмеректер менен жабдылган. Тактап айтканда
муздаткыч, кир жуучу машина, үй эмеректери берилген. Турак жай жана үй
эмеректери 100 млн сомго камсыздандырылат. Курулуш бүткөндөн кийин социалдык жактан
колдоого муктаж жана турак жайы жок 25 адам үйлүү болот.
Мэриянын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя
шаарында туруктуу турак жайы жок 100гө жакын тургун бар.
http://batken.turmush.kg/news:349998