Абдылдаева министрлик кызматта төрт ай иштеди.
Юстиция министри Айнур Абдылдаева ээлеген кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Абдылдаева ишинен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, башкача айтканда, башка ишке өткөнүнө байланыштуу кетип жатканы айтылган.
Белгилей кетсек, экс-министр бул кызматка үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде дайындалган.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20180807/1040514871/yusticiya-ministri-ishten-ketti.html