Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин

Жаңылыктар
607
0

Кутман таң, окурман! Күнүңүз куунак өтсүн!

Чөп сезону дегенди шаарда туулгандар анча түшүнө бербесе керек, бирок айылдыктардын жүрөгүн зырылдатат. Айрыкча, шаарга келип ак кол боло түшкөн улан-кыздардын төбө чачы тик турат. Анткени чөп чабым башталганда гениалдуу шылтоо тапсаң да өтпөй, баары бир барышың керек. Эгер ата-энең телефон чалып "балам, келип эс алып кымыз ичип кет" деген болсо сага сабы сынбай турган чалгы менен айрыны даярдап турганын жазбай түшүнө бересиң. Эми чөп сезонундагы айылдын абалын сүрөттөп берейин.

Согуш маалындагыдай үйдө жаш балдар менен эле кары-картаңдар калып, кыз-келин дебей бардык ишке жарамдуулар талаада болот. Айылдын супер сулуу кыздарын да кезиктиресиң. Эртең менен ат, эшек минип, жөө-жалаңдап талааны көздөй жөнөшөт. Куржундун бир көзүнө жарма, чалап же муздак чай, экинчи көзүнө түштө жей турган тамак-ашы. Тегиз жерлерди трактор менен чаптырса, тике беттерди чалгы менен чабыш керек. Эркектер чалгы чапса, жаш балдар менен кыз-келиндер артынан чөмөлө кылат. Качан гана чаап бүтүп, унаа менен ташып жыйып алмайынча жаның жай албайт. Азыр менин айылымда чөп сезону кызуу жүрүп жаткан маал. Мен жылда барып жардам берээр элем. Быйыл бактыга жарашабы же тилекке каршыбы билбейм, эмгек өргүүм чөп бышкан убакка туура келбей калды.

Эми өлкөдөгү жаңылыктарга өтөлү. Чырактай курагында киши колдуу болгон Бурулайдын өлүмү боюнча экинчи жолу түзүлгөн комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бирок маркумдун атасы Турдали Кожоналиев аны менен макул болбой жатат. "Чындык издеп чарчадым" дейт мүңкүрөгөн ата.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, экөө бир топ маселелерди талкуулады.

Эсиңде болсун, айдоочу! Балыкчы шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарды каттоо боюнча 84 жерге камера орнотулуп жатат.

Эми Бишкекте Орозбеков көчөсү менен барып, Чоң Чүй каналынан өтүүгө болот. Ал жерге узундугу 46 метр, туурасы 13 метр болгон көпүрө курулду. Ал кандай болгонун төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев ажылыкты уюштуруудагы коррупция, Чубак ажынын ишмердигине болгон көз карашы, чет жактан диний билим алып жаткан кыргызстандыктар жана өлкөдөгү түрдүү агымдар ортосундагы айрым пикир келишпестиктер тууралуу айтып берди. Анан да муфтийдин бал челек кармап, мал багып жана улак тарта турганын билчү белеңиз.

Шаар тургундарынын көбү азыр жакшылык-жамандык, той-аштарда ар түрдүү тейлөө кызматтарын колдонууга муктаж болуп калышты. Мындай учурда керек болчу 7 кызматтын акысын билдик. Эгер айылда болгондо мунун баарын жоро-жолдош, коңшу, туугандарың эле тыпылдап бүтүрүп коймок. Шаарда айла жок экен да, ар ким өзү менен өзү.

Узаган жумада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүгө чыккан, анын эс алуудагы сүрөттөрүн жарыяланып, талкууга түштү. Ал эми жигиттердин Ферузага арнаган ыры социалдык тармакты күлкүгө бөлөдү. Социалдык тармактагы кызыктуу окуяларга назар салыңыз.

Кыргызгидромет бүгүн өлкө аймагында күн 36 градуска чейин ысый турганын айтты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.02 (сатып алуу) жана 68.22 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Чөп чаап жаткандарга Кудай күч-кубат берсин!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.



Дагы: https://sputnik.kg/buradar/20180807/1040513209/amansyzby-buradar-balam-kymyz-ichip-ket.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно