Индияда мотоциклчен киши аз жерден жер көчкүнүн алдында кала жаздады. Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы ирмемдерди окуянын күбөсү тартып алып, интернетке жайгаштырган.
Yahoo! News басылмасы окуя Хамирпур (Химачал-Прадеш штат) округунда болгондугун жазды.
Жамгырлуу аба ырайынан улам куткаруу кызматы тоо тектери урап калат деген эскертүү менен жолду убактылуу жапкан. Башка айдоочулар күтүп турганына карабастан, мотоциклчен киши кооптуу жерден өтө бергенде тоо ураган. Ажалы жок айдоочунун тагдырын бир нече көз ирмем чечкен, тагараагы ал жуп өтө бергенде жер көчкөн.
Дагы: https://sputnik.kg/video/20180813/1040602344/motociklchen-kishi-az-zherden-kalgan-video.html