Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылынын аймагында жайгашкан "Dolphin Deluxe" пансионатынын жээгиндеги суудан 11-августта бишкектик кыздын сөөгү табылган. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Милициянын айтымында, кыздардын тобу 10-августтун кечинде пляжга кеткен да болжол менен в 22.30да алардын бири сууга түшүүнү чечкен.
Кыздын сөөгүн эртеси эртең менен, 11-августта, 08.30да табышкан.
Быйылкы жагдай боюнча сөз кылсак, ӨКМ июль айынын аягында маалымат берип, быйыл өлкөдө 80 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 58и жай мезгилине туш келгендигин айткан.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180813/1040603130/bosteri-kyrsyk-olum-miliciya.html