Бул зат эркектердин организмине башкача таасирин тийгизет
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Стресс жүрөк ооруларын пайда кылып, эркектерди инсультка чалдыктырат. Бул тууралуу Bioscience Reports журналына таянуу менен РИА Новости жазды
Окумуштуулардын айтымында, эркек аябай кубанганда же кайгырганда кандын айланышына жардам бере турган организмдеги малекулалар аз иштелип чыгат.
"Биз жакында келемиштерге эскперимент жасап жатып, ургаачысында BH4 молекуласы иштеп чыгарган моно кычкыл азот молекуласы эркек келемиштикине караганда көбүрөөк болорун билдик", — деди АКШдагы Огаст университетинин окутуучусу Дженнифер Салливэн.
Окумуштуулар эркектин организми аялга караганда стрессти башкача кабыл аларын белгилешти. Натыйжада жүрөк оорудан мырзалардын көбүрөөк каза болушуна, кан басымынын жогорулап кетишине да бул заттын таасири чоң экенин байкалган.
Дагы: https://sputnik.kg/world/20180815/1040627289/stress-ehrkek-ayal.html