Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:03
Кыргызстан коронавирусту дарылоодо Россиянын дары-дармегин алабы? Министрдин жообу
11:02
Боронов: Кыргызстан сырттан келебиз деген бардык жарандарын тосуп алууга даяр
10:49
Бишкекте соцкызматкерлер карыларга тамак жеткирип, үйлөрүн дезинфекциялоодо
10:40
Жакшы кабар! Кытайда коронавирус жуктургандардын 93 пайызы сакайды
19:26
Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
19:24
Күнү-түнү иштешет! Бишкектин райондук штабдарынын телефондору
19:21
Калп айтпагыла, посттогуларды кагып-силкпегиле! Нарын мэриясы элге кайрылды
20:51
Балыкчыдагы посттон айдоочулар өтө албай жатышабы? Өкмөт жооп берди
20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
15:33
Абылгазиев доллардын курсу кандай болорун айтты
09:42
Кыргызстанда коронавирус билинбей жүрүшү мүмкүнбү? Министрдин жообу
09:41
Абылгазиев: вирустан улам экономика алсырайт, бирок элдин ден соолугу маанилүү
09:30
Вице-спикер Аида Касымалиева карантинге алынды
09:20
Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
15:18
Сапар Исаков төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болду
14:23
Кадырбеков: көчөдө кыйкырып аялдардын укугун кантип коргорун түшүнгөн жокмун
14:09
Айдоочуларга автоунаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилеби? Мыйзам долбоору
16:42
Кыргызстанда камактагы адамдар ачкачылык жарыялады
16:04
Мамэкотехинпекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды
14:24
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан
13:11
Бишкекте феминисттер маршынын катышуучуларын милиция кармап кетти.
14:54
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады
14:30
Бишкектин базарларын дезинфекциялаган каражаттар коопсузбу? Адистин жообу
14:29
Соцтармакта мактанган адамдардын көйгөйү эмнеде? Психологдун пикири
14:12
Бишкектин мектептеринде 1-класска канча орун бар?
11:47
Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми.
11:45
Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу
Бардык кабарлар

Кытайдын 4 университетине акысыз окууга өткөн 18 жаштагы Алмаздын ийгилиги

Жаңылыктар
741
0
 Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — 18 жаштагы Алмаз Эшбаев. Ал мектепти ийгиликтүү аяктап, Кытайдагы 4 жогорку окуу жайга гранттык негизде окууга өтүп, бирөөсүн гана тандап алды.

Алмаз 2000-жылы 16-январда Нарын районундагы Учкун айылында төрөлгөн. Окуучулук күндөрү
өзүнүн чоң атасынын атындагы Э.Токсобаев мектебинде өткөн. «Чоң атамдын мектебинде билим
алгандыктан, ата-энем мени дайым активдүү болууга, жакшы окууга үндөчү. Ошол окуучулук күндөрүмдө «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына 2 жыл катары менен катышып, жыйынтыгында республикалык баскычта 2-орунду багындырганбыз. Бирок бул ийгиликтердин башаталышы гана болчу», - дейт ал.

«Айтайын дегеним, 16 жаш курагымда kloop.kg жайкы журналистика мектебин жалпы катышуучулардын арасынан жалгыз мен «алтын» сертификат менен аяктагам. «Алтын» сертификат алган окуучуга сайтка иштеп калуу мүмкүнчүлүгү берилет. Кытайга кеткенче мен да ал жакта кичине иштеп жүрдүм. Ал жактан жашоомдо биринчи жолу 16 жашымда журналист
катары гонорар алгам.

Өзүм кичинемден кыялкеч баламын. Эмнегедир кыялдануу мага дайым мотивация, күч берип турчу. Мектеп убагында эле ата-энеме, классташтарыма кудай кааласа чет жакта окуйм деген кыялымды айта берчүмүн. «Пенденин оозунда болсо, кудайдын кулагында» дегендей, 11-классты бүтөрүм менен ал кыялым ишке ашып, Кытай жергесине 1 жылдык тил курсуна бюджеттик негизде окууга өттүм. Кытайга окуу мүмкүнчүлүгүн 2017-жылдын кыш айында «Perspective» окуу борборунан тест тапшырып, жеңип алгам. Ошентип 11-классты аяктаарым менен Кытайга бет алдым.

Ошол мен кеткен жылы, өзүмдүн бир тууган эжем да Венгрияга толук гранттын негизинде окууга жөнөп жаткан. Ал эжекемдин менин 17 жашыман чет жакта окуп калууга кошкон салымы зор. Окуучулук кезибизде эле эжем (ал кезде мен 6-класстын окуучусу болчумун, эжем мектеп президенти эле ) мага: «Алмаз, сен да менин курагыма келгенде чоң атаңдын мектебинде
президент болушуң керек. Буюрса менин мураскорум болосуң ээ?», - деп тамашалачу. Чынында эле, 10-классымда эжем айткандай, анын мураскору болуп, 1 жылдан көп мөөнөт мектеп президенти болуп иштедим.

Ошентип, 2017-жылдын сентябрь айында бирөөбүз Кытайды, бирөөбүз Европаны багындырабыз деп чет жактарга жөнөп кеттик.

Менин Кытай жергесиндеги 1 жылым чынында эсте каларлык өттү. Себеби бакалаврга толук грантка тапшыруу үчүн көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болом деп ойлогон эмесмин. Бирок ийгиликке карай жол дайым татаал жана машакаттуу болгондуктан, артка карай жол жок эле. Ошентип, 4 айдын ичи «HSK4» кытай тилинин сынагынан жогорку упайга ээ болуп, ондон ашык жогорку окуу жайга билдирме жибердим.

Ал кезде бакалаврга толук грантка өтөр же өтпөсүм белгисиз болчу. Андан тышкары, бизге Кытайдагы кураторубуз «100 адамдын бирөө гана толук грантка жете алат» деп айтканын угуп, көптөгөн студенттердин өзүнө болгон ишеними жоголуп кеткен. Ошол сөздү мен да биринчи укканда, окууга болгон каалоом акырындап жоголо баштаганын сездим. Бирок ошондо «ошол 100 адамдын бири мен болом» деп өзүмө сөз бергем», - деп айтып берди Алмаз ийгиликтери тууралуу.

Алмаз үй-бүлөдө 7 бир тууган. «Ата-энем мени кыйналгандарына карабай, «балам жакшы жерде билим алса экен» деген үмүт менен чет жакка жиберген. Мунун баарын ойлоп, кудайым буюрса, Кытайдын эң жакшы университетине, эң жакшы грантка тапшырам деп өзүмө сөз бергем. Ар бир аракеттин артында, сөзсүз берекет болот. Үзүлбөгөн үмүттүн, талбаган эмгектин, өзүмө болгон ишенимдин аркасынан Кытайдын эң жакшы университетине толук грант жеңип алдым. Толук грант — бул окуусу, жатаканасы бекер болот. Андан сырткары, айына 2500 юань (биздин акча менен 25 000 сом) стипендиясы бар», - дейт ал.

Алмаз 1 эле университет эмес, Кытайдын 4 университетине акысыз окууга өттү. Алардын ичинен Шанхай шаарында жайгашкан East China Normal University жогорку окуу жайын тандады.

«Мен азыр али жашмын. Балким ойлошуңуздар мүмкүн: «Бул айылдык жаш бала эмнени билет, кеңеш бергенди эмне кылат?», - деп. Бирок 18 жылдык өмүрүмдө бир нерсени жакшы түшүндүм, ишеним — бул ийгиликтин ачкычы экендигин. Өзүңүзгө болгон ишеним эч качан өчпөсүн. Жеңиштин даамы таттуу болот. Ошол даамды жашообузда көп жолу татып калалы. Себеби өмүр — бул кайталангыс нерсе. «Каалоо болсо, жол өзү табылат» деген сөз бар эмеспи. Мен да кааладым, кыялдандым жана эмгектин аркасы менен өз тилегениме жеттим. Сиздер да кыялданууну унутпаңыздар. Себеби кыял — бул жашообузда бизге берилген эң чоң белек. Азыр жашоомдо билгенимден, биле элегим көп. Ошондуктан ар бир күндү өзүмдү келечекке даярдоо менен өткөргөнгө аракет кылам. Келечекке карата койгон максаттарым бийик. Ал нерсеге жетүү үчүн кандай кыйынчылык болбосун, жеңгенге даярмын. Себеби ар бир кыйынчылыктын артында, сөзсүз жеңиш бар», - деп сөзүн жыйынтыктады Алмаз.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот. 
Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:351772/?f=cp


скачать dle 11.0фильмы бесплатно