Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:15
Картошка кайгысы: дыйкандарды мукураткан министрлик качан кыймылдайт?
15:57
Бишкекте балаты жана белек саткан жайлар ачылды
16:01
ЖК комитети каржы министрине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды
14:43
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
14:41
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт
10:35
Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
10:34
Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду
15:52
Сооронбай Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады
15:49
Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду.
14:06
Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт
14:39
Кыргыз телесине 60 жыл! КТРК мааракесин белгиледи
14:36
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
14:29
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
14:18
Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж
14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
Бардык кабарлар

Коопсуздук кеңешинин катчысы коомду дүрбөткөн 5 иш боюнча маалымат берди

Жаңылыктар / Коопсуздук
114
0

Дамир Сагынбаев айрым кылмыш иштери боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коомдун көңүлүн буруп, ЖМКларга чыккан чуулгандуу иштердин жыйынтыктары боюнча алдын ала маалыматтарды берди. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

 

Сагынбаев алгач Базар-Коргон районунун тургуну Таалайбек Исаевдин президентке жазган ачык кайрылуусу тууралуумаалымат берди. Белгилей кетсек, Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун жарандар менен жолугушуусу учурунда райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тарыхчиев иш бөлмөсүндө сабап, тапанча менен атканын айткан. Жабырланган жаран өлкө башчысына Тарыхчиевге карата жумшак чечим чыгарган соттун аты-жөнүн да атаган. Сагынбаев бул иш боюнча бардык материалдарды катчылык карап, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жибергенин кошумчалады.

 

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясындагы коррупция жөнүндө

Август айынын башында аталган инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупциялык иштерди айтып чыкканы үчүн кызматтан алынган. Ал өзүнүн Facebook баракчасына видео кайрылуу жасап, президенттен паракорчулукка каршы чара көрүүгө жана анын кызматына кайра алынышына жардам берүүнү өтүнгөн.

"Видео кайрылуу чыгары менен биз Мамбеталиева менен дароо байланышканбыз. Кийин кабыл алууда болуп, өзү айткан материалдарды берем деп сөз берген. Сентябрдын башында материалдарды алдык, аларды карап чыгып, текшерүүгө негиз бар экенине ынандык", — деди Сагынбаев.

 

Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, окуя болгон жерлерге барып бардык дооматтарды карап чыгышат. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү корутунду чыкмакчы.

 

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Алия Асанбаеванын ачык кайрылуусу

Сагынбаев поезд коштоочусу Асанбаеванын коррупция тууралуу айткандары тастыкталганын айтты. Бишкек — Москва — Бишкек, Бишкек — Новокузнецк — Бишкек, Бишкек — Казань — Бишкек каттамдары боюнча билети жок жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кылмыш иши козголгон.

1-январдан 30-апрелге чейин аталган багыттар боюнча жалпысынан 63 каттам жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда 2 874 жарандын билети жок болгону аныкталды. Келтирилген чыгым 2 миллион 649 миң сомду түзгөн.

Сагынбаев бул кылмыш иштери боюнча тийиштүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылып жатканын кошумчалады.

Аскер бөлүгүндө таяк жеген жоокер

 

Буга чейин Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүнүн жоокерлери укук коргоочуларга кайрылган. Алар командирлер малдын кыгын чыгарттырып, арыктарды тазалаттырып башкалардын автоунааларын оңдоттуруп жатканын айтышкан. Айрым ЖМКлардын жазышынча жасалган иш үчүн акчаны командирлер алып турушкан. КР президенти бул окуянын чоо-жайын териштирүү керектигин тапшырган.

 

Сагынбаев иш аскер прокуратурасы тарабынан тыкыр каралганын баса белгиледи. Тергөө материалдарында белгиленгендей Кой-Таштагы аскер бөлүгүнүн аскерлерине командирлердин мыйзамсыз аракеттерине 2018-жылдын май жана июнь айларында дуушар болгон.

"Бул жерде жоокерлерди чарба иштерине мыйзамсыз түрдө тартышкан. Ошондой эле аларга кол көтөрүшкөн", — деди ал.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, командир кызматынан алынып, окуяга жол бергендер камакка алынган. Ушул жумада тергөө аяктап, метариалдар сотко өтөт.

Аскер тик учагынын кыйрашы

9-июлда Ысык-Көл облусунун Түштүк Эңилчек аймагында саат 8:13тө Ми-8МТВ аскер тик учагы кыйраган. Анын ичинде экипаждын 5 мүчөсүнөн тышкары 10 турист (Япониянын үч, Германиянын эки, Польшанын төрт жана Кыргызстандын бир жараны) болгон.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Аскер прокуратурасы окуяны иликтеп жатканын белгиледи.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180912/1041074982/koopsuzduk-keneshi-katchy-koomdun-konulun-burgan-besh-ish.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно