Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
Бардык кабарлар

"Белиз гейт" боюнча документтер ачыкталбайт. Прокуратура себеби тууралуу

Жаңылыктар
212
0

Тийиштүү органдар атайын белгилерди алуу үчүн аракеттерди көрөрүн айтты.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев Белизден келди деген документтерге УКМК купуя сыр белгисин койгондуктан Жогорку Кеңештин жыйынында ал боюнча толук маалымат бере албай турганын билдирди.

Учурда депутаттар Белиз мамлекетинен келди деген документтер боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатат.

Дүйшөмбиев эгер УКМК документтерден купуя сыр деген белгини алып таштаса, бардык маалыматтарды берүүгө даяр экенин айтты.

Депутат Рыскелди Момбеков аталган эки мекеменин өкүлдөрү бекер эле чакырылганын белгиледи.

"Бул жерде жөн эле отурабыз. Купуя сыр деген белги турат. Толук маалымат беришпейт. УКМК менен Башкы прокуратураны бекер эле чакырыптырбыз", — деди ал.

Кожобек Рыспаев купуя сыр белгисин коюу негизсиз экенин, окуянын чоо-жайы элге деле дайын болуп калганын кошумчалады.

Жакында эле УКМК Белиз мамлекетинен эч кандай траст документтер келбегенин билдирген.

Өз кезегинде УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов жакын арада купуя сыр белгисин алуу боюнча аракеттерди көрүү боюнча сөз берди.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев аталган фактыда кылмыш иштеринин белгилери байкалбагандыктан Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартканын айтты. Бирок көзөмөл органдын тийиштүү башкармалыгы бул иш боюнча токтомду карап, аны жараксыз деп таап, кошумча тергөө жүрүп жатканын айтып, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилерин кошумчалады.

 

Эске салсак, 2016-жылдын ноябрында УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтерин алганын маалымдаган

 

Ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ЖАКтын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50%дан ашыгы) сатуудан түшкөн 50 миллион АКШ долларынан ашык суммасын "Саутфилд" компаниясынын (божомолдор боюнча анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын кызыкдар болгонун тастыктай турганы айтылган.

Президент бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүнү башкы прокурорго тапшырганы маалым.

Парламенттин жыйынында Сегизбаев кеп "ата мекенчилер" Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов жөнүндө болуп жатканын айткан. Өз кезегинде аталган депутаттар күнөөсү жок экенин айтып, мындай аракетти саясий куугунтук катары баалаган.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20180919/1041177469/beliz-gejt-dokument-kupuya-syr.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно