Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
11:53
Бишкекте жеңил унаа жөө адамды учура сүзгөн видео
11:41
Бишкекте туризм тармагына арналган жаштар форуму өтөт
13:41
Назарбаевдин сынына кабылган казак өкмөтү отставкага кетти
13:39
Баасы төмөндөбөгөн жолтандабастардын тизмеси жарыяланды
13:38
Тайванда төшүн чоңойтуудан баш тарткан келинди күйөөсү өлтүрүп салды
Бардык кабарлар

Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме

Жаңылыктар
322
0

Эсиңиздерде болсо ушул жылдын 1-апрелинен баштап Экономика министрлиги жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Бишкек жана Ысык-Көл облустарындагы бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерип, алардын абалын көрсөткөн стикерлерди имараттын сыртына чаптамакчы болгон.

Жыл жыйынтыкталып бара жаткандыгына байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан октябрга чейин текшерилип бүткөн Бишкектеги кафе-ресторан, тез татымдардын тизмесин алды.

Коомдук тамактануучу жайларда кызмат көрсөтүүнүн коопсуздук деңгээли жөнүндө токтом ушул жылдын 10-январында кабыл алынган. Анын биринчи бөлүгүндө 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Бишкек жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар 12 айдын ичинде текшерилет деп жазылса, экинчи бөлүгү 2019-жылдын 1-апрелинде башталып, анда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынары айтылган.

 

Экономика министрлигинин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев чапталган стикерлер аркылуу кардар кайсы кафе же ресторанга кирип тамак ичүү кооптуу же коопсуз экенин сырттан кирип келе жатып эле биле алат деп айткан.

Жашыл түс талаптарга туура келет дегенди билдирсе, сары түс аталган жайды бир аз жакшыртуу зарыл дегенди түшүндүрөт. Ал эми кызыл кыйла жакшыртуу керек деген маанини билдирет.

Баса белгилей кетчү нерсе, стикер аркылуу кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер бааланбайт.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулованын айтымында, баалоо төмөнкү критерийлерге таянуу менен жасалган;

— кафе, бар же ресторандагы тамак-аштын адам ден соолугуна зыяндуулугу;

— тастыкталган документтердин бар-жогу;

— ашканасынын абалы;

— эт жууп, жер-жемиш сактаган бөлмөлөрүнүн саны;

— тамак-аштын бышкандан кийинки сапаты;

— иштеп жаткан кишилердин медициналык справкаларынын бар-жогу. 

Стикеры для оценки качества обслуживания и питания в кафе Бишкека и Иссык-Куля
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО БАКЫТОМ ДАВЛЕТАЛИЕВЫМ
Стикер аркылуу кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер бааланбайт.

 

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махаммадхалил Мурзашев Бишкек шаарынын бардык кафелери текшерилип бүтө электигин айтып, жыл соңуна чейин бул тизме дагы жаңылана турганын кошумчалады.

"Бишкекте жалпысынан 1000дей объект бар. Алардын айрымдары иштебей жабылып калган болсо, кээ биринин ээси алмашып кеткен. Эми төртүнчү квартал калды, октябрь, ноябрда дагы калган тамактануучу жайлар текшерилет. Бул негизи эл аралык уюмдун Экономика министрлиги менен түзүлгөн пилоттук долбоору болгондуктан жаңы жылда долбоордун ишинин жыйынтыгы, канчалык жемиштүү болгону каралат. Азыр бул долбоорду эл аралык уюм каржылап жатат, эгер ал улана турган болсо өкмөттүн аны каржылоого каражатынын жетээр-жетпеси да жыл аягында талкууланат. Долбоор апрель айында башталгандыгына байланыштуу биринчи кварталга кирген кафелер текшерилген жок. Азыр бул тизмеде 2-3 кварталдык планга киргизилген кафе-ресторан, барлар каралды. Эми төртүнчү кварталдыкын жыл соңунда беребиз", — деди Мурзашев.

Баса, бул долбоордун алкагында Ысык-Көлдүн тамактануучу жайлары да текшерилмек, ал жактын тизмесин кийинчерээк жарыяламакчыбыз.

Алдыдагы инфограмдан Бишкектин кайсы тамактануучу жайына кандай стикер чапталганын билип алыңыздар.

Белгилей кетсек, тизме Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан түзүлгөн. 



 
 
 
Тамактануучу жайдын аталышы Дареги
1. "Сабина" ашканасы Интергельпо көчөсү, 1
2. "Вен Рамен" тез татымы Ахунбаев көчөсү, 115
3. "Бургер Кинг" тез татымы Муса Жалил көчөсү, 160
4. "Талисман" кафеси Сухэ-Батор көчөсү, 5/6
5. "Макбургер" кафеси Абдрахманов көчөсү, 137
6. "Элим" кафеси Жибек Жолу проспектиси, 559
7. Ашкана Москва көчөсү, 78/1
8. "Сый-Ордо" кафеси 2-Линия 32/2
9. "Шашлычная №1" кафеси Каралаев көчөсү, 1а
10. "Дом корейской кухни" кафеси Юнусалиев көчөсү, 21
11. "Папина дача" кафеси Токомбаев көчөсү, 41
12. "Шашлычко" кафеси Токомбаев көчөсү, 17
13. "Рушан" кафеси 7-апрель көчөсү, 64
14. "Асаба" ашканасы 7-апрель көчөсү, 7а
15. "12" кафеси 12-кичи район, 33-үй
16. "Ханедан" кафеси Түгөлбай Ата көчөсү, 69
17. "Бистро" кафеси Менделеев көчөсү, 153
18. "Даам" кафеси Кожевенная -1 көчөсү
19. скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик