Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
Бардык кабарлар

Панфиловду таң калтырган кыз. Даркүл Күйүкова тууралуу 6 факты

Жаңылыктар
299
0

Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскертип кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Актриса театра и кино, народная артистка СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова Даркуль Куюкова
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА АБДУБАЧАЕВЫХ
Бүгүн театр жана киного өмүрүн арнаган Даркүл Күйүкованын туулган күнү. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты көзү тирүү болгондо быйыл 99га чыкмак

Төкөлдөштүн кызы. Актриса Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов районуна (азыркы Аламүдүн району) караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланган кыз 10 жашынан тарта эле театрда роль жарата баштаган. Бирок буга анын ата-энеси ага каршы болгон.

Панфиловду таң калтырган. Эмгек жолун мектепти аяктаган соң 17 жашында Фрунзе шаарындагы жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ошол жылдары өспүрүм театрда кемпирдин образын жаратып, көрүүчү катары келген легендарлуу генерал-майор Иван Панфиловду таң калтырган. 1940-жылдан баштап Күйүкова Кыргыз драма театрында кесибин уланткан.

С Даркуль Куюковой. Кадр из фильма Зной
© ФОТО / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ
СССРдин эл артисти Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык ролду ийнине жеткире аткарган

Театрга арналган өмүр. СССРдин эл артисти Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык ролду ийнине жеткире аткарган. Алардын ичинен Кубанычбек Маликовдун пьесасында Жаңыл Мырзанын, Айтматовдун "Саманчынын жолу" спектаклинде Толгонайдын образын көпкө чейин аткарган. Табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актрисанын жогорку билими болгон эмес.

Актриса театра и кино, народная артистка СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова Даркуль Куюкова с семьей
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА АБДУБАЧАЕВЫХ
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Кино жана Күйүкова. Ал "Биринчи мугалим", "Ак кеме", "Аптап", "Аталар өрөөнү", "Ак Мөөр", "Жамила", "Жоро", "Космонавттар көчөсү" тасмаларындагы уникалдуу образдарды жараткан. Күйүкова кезинде кыргыз аялдарынын образын түзүүдө өз чеберчилигин көрсөткөн.

Жөнөкөй депутат. Бир нече обройлуу сыйлыктардын ээси өлкө аймагына жана чет өлкөгө көп гастролдогон. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп да шайланган. Кесиптештери менен шакирттери Күйүкова башкарма, райком, малчы же дыйкан болобу, баарына бирдей мамиле кылып, жөнөкөй болчу деп эскеришет.

Актриса театра и кино, народная артистка СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова Даркуль Куюкова
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА АБДУБАЧАЕВЫХ
Күйүкова бир нече обройлуу сыйлыктардын ээси өлкө аймагына жана чет өлкөгө көп гастролдогон. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп да шайланган

Мээрман эне. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. Тагдырдын жазмышы менен анын биринчи күйөөсү фин согушунда курман болуп, Күйүкова кызы менен жесир калган. Кийин актер Исмаилбек Абдубачаевге турмушка чыккан. Ошол учурда ал дагы келинчегинен ажырап, эки уулу менен калган. Чыгармачыл инсандардын кызы Райма актерлукту аркалап, КРдин эмгек сиңирген артистине чейин жетсе, дагы бир уулу узак убакыт радиодо диктор болуп эмгектенген. Ал эми кичүү баласы Рысбек учурда Опера жана балет театрында солист болуп иштеп келет. Күйүкова узакка созулган оорунун кесепетинен 77 жаш курагында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181029/1041761633/zalkar-aktrisa-darkul-kujukova-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно