Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
Бардык кабарлар

Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчүрүлөбү? Миграция кызматынын жообу

Жаңылыктар
165
0

Нарында жашап жаткан памирлик боордоштор Алайга көчүрүлбөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Нарындагы памирлик кыргыздардан кабар алып байланышканда, боордоштордун бири Абдылгафар Абдырасул уулу өкмөт аларга Алайдан жер бөлүп бере турганын айткан.

"Өкмөт Алайдан жер бөлүп беребиз деп жатат. Жайында Кичи Алайдын Сары-Могол деген жерине кетебиз", — деген Абдырасул уулу.

Бирок Миграция кызматынын өкүлү Жыпара Мамбетова аларды көчүрүү тууралуу сөз да болбогонун айтты.

"Көчүрүү тууралуу азырынча план жок. Өткөндө аларды Чоң-Алайга алып барып туугандары менен учураштырып келгенбиз. Ошондо жергиликтүү тургундар "жолуңар ачык, бул жакка келсеңер деле болот" деп айтып жатышкан. Балким, ошондон улам ушундай ойлор жаралса керек. Азырынча памирликтер Нарында эле болушат. Анткени отурукташып калышты. Балдары болсо окуп жатат, батирдин акчасы да төлөнүүдө. Негизи биз аларды окутуу максатында эле алып келгенбиз. Кыргызстанда жашап калышабы же кетишеби өздөрү чечет. Кааласа Алайга көчүп барышат, бирок ал үчүн Кыргызстандын жарандыгын алуу керек болот", — деди Мамбетова.

 

Эске салсак, учурда памирлик кыргыздардын ичинен Ноорулхуда менен Авдувакил Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде билим алууда.

Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.

Ал эми 6-июлда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алышкан. Азырынча кеткендерден кабар жок.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181030/1041771704/naryndagy-pamirlik-kyrgyzdar-alajga-kochurulobu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно