Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:57
Иманкадыр Рысалиев: Жамангулов жалганчы, аны эми текшертем
15:52
Өзгөчө көркөм сүрөттөр. Мэрия шаар тургуну Михаил Дудиндин эмгегин баалады
20:55
Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди
14:46
УКМК жетекчиси Идрис Кадыркулов отставкага кетти
14:44
Паспорт чыры: Жээнбеков УКМК төрагасы Кадыркуловду жумуштан бошотту
14:40
Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган
14:26
Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды
14:24
Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео
15:49
Новопавловка: мектептеги чуудан кийин жаңы директор дайындалды
15:39
Айдоочу, абайла! Бишкекке дагы 19 камера орнотулду. Жалпы тизме
13:32
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин канча айлык алары айтылды
14:29
ВИДЕО Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу
17:01
БШК жергиликтүү депутаттарды шайлоо үчүн бюллетендерин региондорго жөнөттү
12:51
Абада күйгөн учак. Шереметьеводогу кырсык тууралуу азыр эмне белгилүү
12:45
6-майдан Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Тизме
16:37
Президент Жээнбеков урандын казылар-казылбасы боюнча үн катты
16:23
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты
16:10
Балдар үйлөрүнөн чыккандардын борборуна акча керек. Акция
14:56
Эксперт: Бишкектин кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетти
14:53
Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо
14:45
Эколог Ысык-Көлдүн экосистемасына болгон коркунучтарды айтып берди
10:30
"Уран маселесин эл көтөрүп чыккан" дегенди алып салбайлыбы? Депутаттын сунушу видеодо
10:11
Кудум илгеркидей! Бишкекте ачыла турган сонун бир жайдын видеосу
10:06
Мекендештер "Дарак ырын" Москванын кинотеатрларынан көрө алышат
15:33
Оңолот деген ушул! Бишкектиктер майрам учурунда жерге таштанды ыргыткан жок
13:44
Француздар асырап алган баланын Кызыл-Кыядагы агасы паспорт ала албай убара
09:11
Сооронбай Жээнбеков Бишкек кандай шаар болушу керектигин айтты
16:04
Мухаммедкалый Абылгазиев Ереванга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси
15:11
1-майда автопарад өтөт. Эл компаниялардын азыгынан көчөдөн ооз тиет
15:01
Сооронбай Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды. Видео
15:00
"Мындан кийин сөгүнбөйт". Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео
14:58
Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болушу менен куттуктады
12:46
Уран кениндеги чууга Зилалиевдин кандай тиешеси бар? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
12:44
УКМК: Бишкектин чок ортосунан күмөндүү баштык табылып, аймак курчоого алынды
12:32
Бишкекке Кытайдан 60 автобус алып келинди. Мэр артыкчылыктары тууралуу
15:57
Мындай эшекти эч ким көрө элек болсо керек. Улуу Британияда тартылган сүрөт
15:39
ИИМ академиясынын курсантынан спайстын ири партиясын табышты. Сүрөт
16:44
Уран кениндеги иштер убактылуу токтоду. Өкмөттүн чечими
14:45
Өкмөт Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча үн катты
15:48
Бакиров "Ош" базары дагы өрттөнүп кете электе маселени чечүүнү сунуштады
15:42
Славян университети таза суу боюнча адистерди даярдоочу факультет ачууну өтүнүүдө
16:45
Маданият министри тарых музейинин ачылбай жаткан себебин айтты
10:05
Иранда өтчү эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" көрсөтүлөт
16:59
Абактардагы жумуш орундары. Турганбаев түрмөлөрдү кыдырды
11:49
Сооронбай Жээнбеков Германияга учуп кетти. Сапардын программасы
Бардык кабарлар

Апасы ичип, 3 күн кароосуз калган бөбөктөр... Погончон айым — жалгыз бой эне Перизаттын жашоосу (сүрөт)

Жаңылыктар
313
0
Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын ага лейтенанты — 27 жаштагы Перизат Сатыгул кызы 6 жылдан бери өзүнүн сүйүктүү кесиби менен алектенип келет.

«Ата-энелерге, жаш өспүрүмдөргө жардам берген учурларым көп. Эсимде калганы, 2016-жылы жай мезгилинде турак жайларды текшерип калдым. Ошондо бир үйдөн 7-5 жана 3 жаштагы балдар үч күндөн бери кароосуз калганын көрдүм. Алардын атасы жок болчу. Апасы болсо арак ичип кетип калган экен. Ошол балдарды көрсөӊүз, чындап ыйламаксыз. Ачка, кебетелери келишкен, жүдөп, мусапыр болуп калышкан. Аларды көрүп алып зээним кейип кетти. Эмнеге балдарды ушунча кор кылабыз деп, адамдарга кайрылгым келди. Алардын документтерин топтоп, социалдык кызматкерлер менен бирге балдар үйүнө өткөрүп бергем.

Албетте, милициянын жашоосу деле эл катары. Биздин да үйдө бүтпөгөн көйгөйлөрүбүз бар. Кээде бир нерсеге акчаӊ жетпейт. Кыйналган учурлар болот. Бирок мен сабырдуулук менен ал күн да өтөт деп келем», - деди ал.

Перизат Сатыгул кызы бала кезинен калыстыкты, адилеттүүлүктү жактырып, милиция кызматкери болууну самап келген.

«Милиция кызматкери болууну бала кезден кыялданчумун. Ошондой эле кичинекей кезимде эле калыстыкты, адилеттүүлүктү жактырчумун. Бул кыялымды ата-энем да колдоп, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Жапар Шабиров атындагы республикалык окуу борборуна өткөм. 2012-жылы аны артыкчылык диплом менен аяктап, ошол эле жылы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүндө өспүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү болуп эмгек жолумду баштадым. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясынын сырттан окуу бөлүмүндө окуп, аны 2017-жылы аяктагам.

Албетте, милициянын жумушу оор. Ар бир ишибиздин артында опол-тоодой жоопкерчилик бар. Аялзаты катары үйдүн да түйшүгү мойнумда. Эки балам бар. Бош убактымды көбүнчө уулдарым менен өткөрөм. Эртеӊ менен эрте туруп, балдарымды кийинтип, жуунтуп, курсактарын тойгузуп, бала бакчага алып барам. Андан кийин жумушка келем. Ошону менен кечки саат 17:00гө чейин кызматта болуп, андан кийин балдарымды бала бакчадан алып үйгө кетем. Аларды сиӊдиме таштап, кайра кызматыма жөнөйм. Кээде уулдарымды үйгө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганда алар менин жанымда жумушта болушат. Менин бир күнүм ушундай өтөт», - деди ал.

Перизат Сатыгул кызы 1991-жылдын 11-сентябрында Ат-Башы районунун Баш-Кайыӊды айылында төрөлгөн.

«Атам дыйканчылык менен алектенсе, апам үй кожойкеси. 3 бир туугандын улуусумун.

Тамак тандабай жейм. Апамдын бардык жасаган тамактарын жакшы көрөм. Тасма көргөнгө убактым деле болбойт. Кээде убактым болгондо сүйүү жөнүндө тасмаларды көрөм. Хоббим — таза абада ойлонуп басып жүргөндү жакшы көрөм.

2012-жылы турмушка чыккам. 2017-жылдан бери эки балам менен өзүнчө жашайм. Турмуш экен. Жолдошум экөөбүз эки башка жолго түшкөнбүз. Ал мурда жумушума түшүнүү менен карачу.

Айдын, Айбарали аттуу балдарым бар. Экөөнү көргөндө бардык түйшүктү унутуп коём. Менин жашоомдун маӊызы балдарым деп айтсам жаӊылышпайм», - деди ал.
http://www.turmush.kg/news:355236?from=turmush&place=nowreadскачать dle 11.0фильмы бесплатно