Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
"Сиз мекендештериңиздин зор урматтоосуна ээсиз жана чет мамлекеттерде кадыр-баркыңыз жогору. Эки өлкө ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди жылдырууда сиздин жеке салымыңыз абдан салмактуу", — деп айтылат маалыматта.
Путин Жээнбековго чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалаган.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60ка чыкты.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20181116/1042020534/putin-zhehehnbekovdu-60-zhyldyk-maarakesi-menen-kuttuktady.html