Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:56
Июнда кыргызстандыктар бир күндүк эс алууга чыгат
15:49
Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" пунктундагы абал айтылды
15:45
Кар жана мөндүр... Министрлик шашылыш билдирүү таратты
15:44
Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынды. Сүрөт
15:42
Милиция Акыркы коңгуроого карата эскертүү таратты
15:38
Милиция Акыркы коңгуроого карата эскертүү таратты
11:40
Депутат: премьердин агасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги майлуу жерде отурат
11:39
Үч жашар кызга тиш салган итти милиционер жүрөккө атты. Окуянын видеосу
17:06
Типтирүүмүн, өлө турган жөнөкөй киши эмесмин. Рысалиевдин ызаланган видеосу
16:11
9 баллдык жер титирөөгө даярдык көрүү буйругу чыктыбы? Расмий жооп
15:57
Иманкадыр Рысалиев: Жамангулов жалганчы, аны эми текшертем
15:52
Өзгөчө көркөм сүрөттөр. Мэрия шаар тургуну Михаил Дудиндин эмгегин баалады
20:55
Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди
14:46
УКМК жетекчиси Идрис Кадыркулов отставкага кетти
14:44
Паспорт чыры: Жээнбеков УКМК төрагасы Кадыркуловду жумуштан бошотту
14:40
Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган
14:26
Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды
14:24
Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео
15:49
Новопавловка: мектептеги чуудан кийин жаңы директор дайындалды
15:39
Айдоочу, абайла! Бишкекке дагы 19 камера орнотулду. Жалпы тизме
13:32
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин канча айлык алары айтылды
14:29
ВИДЕО Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу
17:01
БШК жергиликтүү депутаттарды шайлоо үчүн бюллетендерин региондорго жөнөттү
12:51
Абада күйгөн учак. Шереметьеводогу кырсык тууралуу азыр эмне белгилүү
12:45
6-майдан Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Тизме
16:37
Президент Жээнбеков урандын казылар-казылбасы боюнча үн катты
16:23
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты
16:10
Балдар үйлөрүнөн чыккандардын борборуна акча керек. Акция
14:56
Эксперт: Бишкектин кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жетти
14:53
Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо
14:45
Эколог Ысык-Көлдүн экосистемасына болгон коркунучтарды айтып берди
10:30
"Уран маселесин эл көтөрүп чыккан" дегенди алып салбайлыбы? Депутаттын сунушу видеодо
10:11
Кудум илгеркидей! Бишкекте ачыла турган сонун бир жайдын видеосу
10:06
Мекендештер "Дарак ырын" Москванын кинотеатрларынан көрө алышат
15:33
Оңолот деген ушул! Бишкектиктер майрам учурунда жерге таштанды ыргыткан жок
13:44
Француздар асырап алган баланын Кызыл-Кыядагы агасы паспорт ала албай убара
09:11
Сооронбай Жээнбеков Бишкек кандай шаар болушу керектигин айтты
16:04
Мухаммедкалый Абылгазиев Ереванга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси
15:11
1-майда автопарад өтөт. Эл компаниялардын азыгынан көчөдөн ооз тиет
15:01
Сооронбай Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды. Видео
15:00
"Мындан кийин сөгүнбөйт". Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео
14:58
Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болушу менен куттуктады
12:46
Уран кениндеги чууга Зилалиевдин кандай тиешеси бар? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
12:44
УКМК: Бишкектин чок ортосунан күмөндүү баштык табылып, аймак курчоого алынды
12:32
Бишкекке Кытайдан 60 автобус алып келинди. Мэр артыкчылыктары тууралуу
Бардык кабарлар

Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды

Жаңылыктар
165
0

Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен 2019-жылдын экинчи кварталында чыгып калышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Депутаттар "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Эл өкүлү Эмил Токтошев "Кыргыз авиациясы кара тизмеден качан чыгат?" деп суроо салды.

Акышев 2019-жылдын биринчи кварталынын аягында Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмуна арыз жаза аларын жана алар экинчи кварталда карай турганын кошумчалады.

"2017-жылы ICAO уюму менен чогуу план түзүлүп, аны аткаруу учурда 90 пайызга ишке ашты. Буга чейин жайында эки инспектор келип иштеп кеткен, азыр дагы эки инспектор келип жардам берип жатат. Кара тизмеден чыгуу үчүн кийинки жылдын биринчи кварталынын аягында арыз бере алабыз, алар экинчи кварталда карашат", — деди ал.

Акышев ошондой эле депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 5-даражадагы ачык асман долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын кара тизмеден чыгуусуна жардамы тиерин белгиледи.

Эл өкүлдөрү 5-даражадагы ачык асман долбоорун ишке ашырууда жергиликтүү компаниялардын да кызыкчылыгын эске алуу керектигин билдиришти. Аны менен катар ички каттамдарды өнүктүрүп, билеттин баасын элдин капчыгына ылайыктап арзандатуу керектигин сунушташты.

 

Ошону менен бирге эле бул жаатта Грузия менен Армениянын тажрыйбасын эске алып, ошолордун жолу менен кетүү керектигин айтышты.

Депутат Акылбек Жапаров Грузияда ачык асман долбоорунун алкагында учурда Европа мамлекеттерине 40 доллар менен учуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстан эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен 2019-жылдын башында чыгат деп билдирген болчу.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181121/1042095421/kyrgyzstandyn-uchaktary-kara-tizmeden-kachan-chygary-ajtyldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно