Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:43
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
14:41
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт
10:35
Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
10:34
Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду
15:52
Сооронбай Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады
15:49
Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду.
14:06
Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт
14:39
Кыргыз телесине 60 жыл! КТРК мааракесин белгиледи
14:36
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
14:29
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
14:18
Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж
14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
10:03
Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат
13:27
Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берди
13:25
Путин Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бардык кабарлар

“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды

Жаңылыктар
52
0

Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим” тасмасынын башкы каарманы Мадина Талипбекке PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында "Мыкты актриса” номинациясы ыйгарылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине кинонун продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди. 

Сыгравшая главную роль в фильме Делбирим Мадина Талипбек выиграла номинацию лучшая актриса в международном кинофестивале PROlogue-2018
© ФОТО / САРВАР КАРИМОВ
Международный кинофестиваль PROlogue-2018

 

Ал эми актриса өзү буга чейин мындай номинацияга талапкер болуп жатканынан кабардар болбогонун жана учурда Бишкекте экенин айтты. Аталган фестиваль Ташкентте өтүп жатат.

"Мага азыр эле тасманын режиссеру Сарвар Каримов чалып жакшы кабарды айтты. Кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Кино жакында эле прокатка чыккан, ага карабай минтип сыйлыкка жетишкеним күтүүсүз болду”, — деди Талипбек. 

Белгилей кетсек, "Делбирим” тасмасынын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү Ташкентте болгон. Ал эми Кыргызстандагы көрүүчүлөргө 5-декабрдан баштап тартууланат

Аталган фильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылган. Хронометраж 1 саат 40 мүнөт, анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддору Кыргызстандын Балыкчы шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган.

 

Сценарийин Керез Зарлыкова жазса, режиссерлукту өзбекстандык Сарвар Каримов аркалады.

Илястын ролун белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

Тасманы "Өзбеккино” улуттук агенттиги жана Кыргызстандын "Дан” продюссердик борбору тартты. 

Мадина Талипбек аз күн мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип тасма тууралуу маек берген.

PROlogue — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, быйыл төртүнчү ирет өтүп жатат. Расмий сайтындагы маалыматта ага катышууга быйыл 60 өлкөдөн 289 тасмадан табыштама түшкөн.  Анын ичинен 8 толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, 9 улуттук (Өзбекстан) кыска метраждуу тасма фестивалдын негизги сынагына өткөн. Буга кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык” киносу да катышкан. Кинокартиналарды көрүп бүткөндөн кийин калыстар мыкты режиссер, мыкты актер жана актриса номинацияларын ыйгарышат.


Дагы: https://sputnik.kg/culture/20181130/1042231947/madina-talipbek-ozbekstanda-mykty-aktrisa-boldu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно