Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Согушта көз жумган аталардын бейитине бара албай... ЖКда маселе көтөрүлдү

Жаңылыктар
544
0

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жатканда Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандан 56 миң киши дайынсыз жоголгону айтылды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, согуш маалында дайынсыз жоголгон туугандарынын көмүлгөн жерине барып келүү үчүн каражат сурап болгону 12 арыз түшкөн. Солтонбекова ошондой эле кыргызстандык жоокерлер жашырылган делген 925 жер такталганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүү боюнча маркум аскерлердин туугандарына ал көмүлгөн жерге барып келүү үчүн чыгымдарды төлөп берүү каралган.

 

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басарынын берген маалыматына ылайык, бир кишинин эле жол киресин камсыздоо үчүн 178 миң сом керек. Андыктан өкмөттө маркумдун жакындарынын чыгымдарын төлөп берүү үчүн каржы булагы жок болгондуктан бул мыйзам долбоору четке кагылып жатканын айтты.

Өз кезегинде депутат Мирлан Жээнчороев бул багытка миллион сомго жетпеген каражат керектелерин айтып, аны премьер-министр өзүнүн фондунан акча карап койсо болмоктугун белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Бахадыр Сулейманов мыйзам долбоору эки жыл мурун биринчи окууда жактырылганын айтып, өкмөт аны колдойбуз деп айтканын эске салды.

"Эмнеге башында колдойсуңар да, азыр каршы чыгып жатасыңар. Ошол акча булагын табууну, аны бөлүштүрүүнүн жол- жобосун иштеп чыкпайсыңарбы! Бул маселеге өкмөт даяр эместигин көрсөттү", — деп нааразычылыгын билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев болсо миллиарддаган каражатка аш-той деле өтүп жатканын, андыктан Каржы министрлиги каржы булагын табышы керектигин талап кылды.

"Чынында аталарыбыз мекен үчүн деп жанын кыйган. Акча жок деп талкуулап отуруунун өзү туура эмес", — деди Тиллаев.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов аталган мыйзам долбоорун комитет четке каккан чечим кабыл алганын айтты.

"Бир нерсени белгилеп кетүү керек. Бул мыйзам долбоору эки жылдан ашуун каралды. Башында жактырылып, бирок каржы булактары аныкталган учурда гана деп айтылган. Жакында эле өкмөт "каржы булагы аныкталган жок" деген корутунду берди. Комитеттин жыйынында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова "алты айдан кийин бул мыйзам долбооруна кайтып келебиз, каржы булактарын да тактайбыз" дегенинен улам комитет мыйзам долбоорун четке кагууну колдоп берди", — деди Пирматов.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181227/1042638946/uluu-ata-mekendik-sogush-kyrgyzstan-dajynsyz-zhogolgondor.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно