2019-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстандын муфтияты зыяратчыларды ажылыкка ташуу үчүн атамекендик жана саударавиялык авиакомпаниялар арасында конкурс жарыялайт.
Ага ылайык, сынак 28-декабрдан 28-январга чейин өтөт.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20181228/1042646329/kr-zyyaratchy-azhylyk-aviakompaniyal-tandoo.html
Конкурска катышууну каалаган авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кенен маалыматты муфтияттан ала алышат.
Белгилей кетсек, 2018-жылы кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Аравиясынын Flaynas авиакомпаниясы ташыган.