Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:55
Пирматов мас айдоочуларды күбөлүктөн биротоло ажыратууну сунуштады
10:47
"Ала-Тоо" аянтындагы митингчилер милиционерлер менен жулкулдаша кетти
10:41
Митингге чыккандардын көбү урнага басып барып түкүрүп жатышат. Сүрөт
17:20
Роналду Италияда дарыланган кыргызстандык кызга учурашып, абалын сурады. Сүрөт
13:20
Депутат кечирим сурасын! ЖКдан чыгарылган аткаминер боюнча соцтармактагы пикирлер
16:14
ЖМК: Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегеранда кулап түштү
16:08
Чыңгыз Айдарбеков Норвегияда жашаган мекендештер менен жолугат
14:20
Бишкекте жол кире эмне үчүн кымбаттайт. Мэриянын жообу
14:11
Иштеп, үй-бүлөнү баккан жакшы! Маршрутка айдоочулары видеокайрылуу жасады
11:06
Бишкекте учактын 4,5 саатка кармалышынын себеби айтылды
10:55
Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштайт
10:43
Бишкек: коомдук транспортто колдонулчу электрондук билетке тендер жарыяланды
13:08
Оңолот деген ушу! Түкүрүү үчүн колуна чака көтөрүп алган жигиттин видеосу
13:05
Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат
13:00
Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду
12:56
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
12:54
Бишкектин маршрутка айдоочулары митингге чыгар-чыкпасын айтты
12:45
Өзбекстанга караңгылатылган айнек менен баргандар айыпка жыгылмай болду
18:11
Гендер боюнча эксперт Гульсана Абытова: “Боюнда бар деген жасалма справка жасатып алып, 18ге чыга элек кыздарын турмушка бергендер көбөйдү”
16:54
Боронов акыркы 9 жылда Кытайдын канча жараны КР жарандыгын алганын айтты
12:42
Кыргызстан 90 миң долларга суюк азот иштеп чыкчу жабдуу сатып алды
12:29
УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген
11:21
ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу сунушталды. Себеби
10:04
ОСАГО: камсыздандыруу компанияларынын даректери жана телефондору
10:03
Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео
11:46
Бишкекте троллейбус менен автобустун айдоочусу мушташкан окуянын чоо-жайы
10:11
ОСАГО тутуму кантип иштейт? Мамфинкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү
10:08
Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек
10:03
Үч күн ичинде 15 мас айдоочуга ири көлөмдө айып пул салынды
10:00
Таластагы жол кырсыктан айдоочунун 2 жашар кызы менен жүргүнчү аял набыт болду
14:53
Жаңырган мыйзам жаңы тартип орното алабы?
13:42
Мынча киреше табам деп ойлогон эмесмин. Бишкектик айымдын бизнестеги баяны
13:40
Импотенция жаш-карыга карабайт. Оорунун себептери тууралуу
13:38
Ысык-Атада жаш келиндин сөөгү табылды
13:37
Абылгазиев: айып пулдун жогорулатылышы - кырсыктын алдын алуу чараларынын бири
13:24
Кыргызстанда канча киши жашайт, канчасы бала, канчасы жакыр? Статкомдун отчету
11:10
Мас болуп айдасаңыз эми... 55 миң сомго чейин айып төлөйсүз. Жаңы эреже күчүнө кирди
14:58
Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт
14:51
Жаңы жылда борбордук аянтта 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт
09:55
Прокуратура: Улуттук университеттин кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган
09:30
Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат
09:24
Бишкекте жол кырсыгы көп катталган кесилишке жол чырак орнотулду
09:10
Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлү делген киши сот өкүмүнө нааразы. Сот иши уланат
15:26
Согушта көз жумган аталардын бейитине бара албай... ЖКда маселе көтөрүлдү
15:24
Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды
Бардык кабарлар

Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт

Жаңылыктар
45
0

2019-жылдын март айынан тарта өлкөдө балага сүйүнчү эки күндүн ичинде эле бериле баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан агенттигине эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, балага сүйүнчүнү ата-эне паспорту менен гана алгыдай шарт түзүлүүдө.

"Азыркы учурда балага сүйүнчү алыш үчүн ата-энесинин паспорту, баланын күбөлүгү жана банктык карточканын реквизиттери талап кылынат. Бул процессти жеңилдетүү үчүн иштеп жатабыз. Анда ар бир ата-эне сүйүнчү пулду өзүнүн паспорту менен эле алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балалуу болгондор күбөлүк алуу үчүн мамлекеттик каттоо кызматынын бир бөлүмүнө барганда, ал жактагы кызматкерлер "Балага сүйүнчү аласызбы?" деп сурайт. Эгер жаран макул болсо, дароо электрондук арыз толтуруп аны онлайн түрүндө ошол замат биздин кызматка жөнөтөт. Электрондук арыз толтуруп жатканда балага сүйүнчү алчу адам кайсы банктан аларын дагы жазыш керек. Арызга өзүнө жакын, ыңгайлуу банкты көрсөтсө болот. Эки күндөн кийин жаран көрсөткөн банкка паспорту менен гана барып, балага сүйүнчү акчаны алып кете алат", — деди министр.

Кочкоров учурда бул ыкма сынамык иретинде Бишкектин Свердлов районунда жана Чүй облусунун Сокулук районунда иштетилип жатканын айтты. Жеңилдетилген ыкма өлкө боюнча кийинки жылдын март айынан тарта күчүнө кирет.

"Бүгүнкү күндө балага сүйүнчү 7-10 күндүн ичинде берилип жатат. Бул дагы ата-эне үчүн татаал процесс экенин эске алып, эки күндүн ичинде берүүгө аракет кылып жатабыз. Айрым банктар балага сүйүнчү берүүнү бир же эки эле филиалына байлап коюуда. Мындан улам бардык банктар менен каалаган филиалынан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Кочкоров.

 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "Балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Ага ылайык, ушул жылдын январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилип баштаган

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181228/1042654010/sujunchu-pul-ehki-kundun-ichinde-berile-bashtajt.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно