2019-жылдын 1-январынан тарта Жолдо жүрүүнүн кээ бир эрежелерин бузгандагы айып пулдардын суммасы өзгөртүлүп, Админстративдик кодекс жаңыланды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан айтып беришти.
Буга чейин айып пулдарды жогорулатуу сунушталган. Автоунааны мас болуп айдаганы үчүн 10 сом айыпка жыгылчу. Өзгөртүүдө 17 500, ал эми кызматтагылар 55 000 сомго чейин төлөсүн деген сунуш киргизилген.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20190102/1042708003/mas-aydoochu-ayyp-pul-55-min-som.html
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, бул өзгөртүү 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Алар автоинспекторлор бул өзгөрүүлөр туурасында республикадагы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштаарын айтышты.