Таластын Кара-Буура районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул туурасында Талас облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Сабит Өмүрбеков билдирди.
Анын айтымына караганда, окуя 2-январда күндүз Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун 46-чакырымында болгон.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190104/1042727506/talastagy-zhol-kyrsygy-aydoochu-olum.html
Алдын-ала маалыматтар боюнча Honda СR-V үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып Mazda унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Honda СR-V машинасында бара жаткан 33 жаштагы жүргүнчү аял менен айдоочунун эки жашар кызы каза болгон.