Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова троллейбус менен автобус айдоочусу мушташа кеткен окуяга комментарий берди.
Чыр-чатак 5-январь күнү саат 16:20лар чамасында Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөнүн айтымында, автобус түптүз эле троллейбус менен аялдаманын ортосуна кирип кетип, натыйжада айдоочулар мушташкан.
Алмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына чыр-чатактын келип чыгуу себебин айтып берди.
"Бул эки айдоочу бир маршрут менен жүргөндүктөн бири-бири менен атаандашкан. Автобустун айдоочусу ачууланып троллейбусту бир нече ирет сүзүп, авариялык абалды жараткан. Учурда ал иликтөө иштери аяктаганча деп иштен четтетилди. Троллейбус айдоочусу болсо күнөөсүз экенин айтууда", — деди мэрдин кеңешчиси.
Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аталган фактыны ЖКККБнын жүргүнчүлөр транспорту боюнча бөлүмү териштирип жатканын маалымдады.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190106/1042744909/bishkek-trollejbus-avtobus-ajdoochu-mushtash.html