Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Боронов акыркы 9 жылда Кытайдын канча жараны КР жарандыгын алганын айтты

Жаңылыктар
547
0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандагы Кытай жарандарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 7-январда Бишкекте Кытай жарандарынын мыйзамсыз миграциясына байланыштуу митинг өткөн.

Боронов акыркы мезгилдерде коомчулукта Кыргызстанда Кытай жарандарынын жүрүүсүнө тийиштүү жана Кытай жарандары тарабынан Кыргызстанды экспанциялоо жүрүп жатат деген сыяктуу ар кыл маалыматтар таркап жатканына токтолду.

"Айрым билдирүүлөрдө эгерде Кыргызстан Кытайга болгон карыздан кутулбаса, өлкө аймагынын бөлүгүн берүүгө мажбур болот деп айтылууда. Бул чындыкка жатпайт, мындай келишим жок жана болуусу мүмкүн эмес. Бул теманы биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдар жайылтууда", — деди ал.

Биринчи вице-премьер быйыл эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 27 жылдыгы белгиленерине токтолду. Андан сырткары Кытай Кыргызстанга ар дайым колдоо көрсөтүп, кайтарымсыз жардамдарды берип келгенин белгиледи.

"Азыркы кезде мамлекеттик долбоорлорго кытай инвестицияларынын жалпы көлөмү 2,1 миллиард АКШ долларын түздү, аталган каражаттар жол инфрастуктурасын жана энергетикалык секторду жакшыртууга багытталды", – деди Боронов.

 

Ал маалымдагандай, Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо жана курууга 100 миллион АКШ долларынын тегерегинде каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Ош шаарында 26,4 миллион АКШ долларына бааланган заманбап оорукана комплекси курулган. Ошондой эле баасы 32 миллион доллар турган ирригациялык тутумду өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

"Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Бүгүнкү күнү кытай ишканаларынын саны 397ни түзөт, мындан тышкары 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 миллиард сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн, – деди Боронов.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 2018-жылы Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 Кытай жараны келгенин (2017-жылга салыштырмалуу азаюу байкалууда – 41 307 жаран), ошол эле учурда Кыргызстандан 34 миң 436 Кытай жараны (2017-жылы – 40 690 жаран) чыгып кеткенин маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча, 2018-жылы республикабыздын аймагында катталган Кытай жарандарынын саны 24 миң 836 адамды (алардын ичинен 25 Кытай жараны КР аймагында жашоого уруксат алган) түзгөн. Мындан тышкары акыркы 9 жылда Кыргызстандын жарандыгын 268 Кытай жараны алган, алардын ичинде 171 – этникалык кыргыз, 72 – этникалык уйгур, 9 – өзбек, 6 – кытай, 9 – дунган жана 1 – казак бар.

 

Жыйынтыгында Кубатбек Боронов социалдык тармактардагы чагымга алдырган чакырыктардын жайылтылышы боюнча аракеттер жана түрдүү акциялардын баары мыйзамсыз жана бул өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталганын белгилеп кетти.

Буга байланыштуу ал жарандарды деструктивдүү мүнөздөгү жалган маалыматтарга алдырбоого чакырды.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190109/1042790017/boronov-kytaj-zharandyk.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно