Бишкекте №1 тергөө абагынын жанында түкүрүнгөн эки милиция кызматкери изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБден маалымдашты.
Окуянын видеосун күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберди. Анын айтымында, кадр 9-январь күнү саат 17.53тө тартып алынган.
"Эки кызматкердин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Алар Эреже бузуу кодекси боюнча жазаланат", — дешти ШИИБден.
Буга чейин дагы жарандар көчөдө түкүрүп, чылым чеккен милиционерди видеого түшүрүп алышкан. Көп өтпөй анын ким экени жана кайсы жерде иштээри аныкталган.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20190110/1042806572/miliciya-tukurungon-izdelip-zhatat.html