Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
09:27
Бишкек шаарында абал тынч
13:08
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
12:53
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
12:44
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
12:58
Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда
11:31
Ат-Башыда түндө жер титиреди
10:52
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
17:03
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
16:18
Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек
13:39
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти.
13:19
Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет
17:19
Колу байланып, керебетке таңылган кыздын тагдыры эмне болду? Окуянын чоо-жайы
17:15
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
17:04
Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты
10:06
Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти
10:05
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
14:23
Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?
11:07
Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү
15:37
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди
10:27
"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты
12:39
Тоо койнундагы Көл-Төрдүн асмандан тартылган сүрөттөрү
11:37
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
Бардык кабарлар

"Тазалыктын" кызматкерине акча чогултуу улантылууда. Жарманке өтөт

Жаңылыктар
173
0

Бишкек шаарында 2-февралда "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңиш Касымовдун операциясына акча чогултуу максатында жарманке өтөт. Бул туурасында уюштуруучулардын бири, аталган уюмдун маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Ал социалдык тармакка жазып, каалагандарды жарманкеге катышууга чакырып, #ЖенишЖиви хештегин койду.

Иш-чара Бишкек шаарындагы Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде боло турганы маалымдалды.

 

Эске салсак, муниципалдык "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңишбек Касымовдын боору жабыркап, чет өлкөдөн жасай турган операцияга муктаждык жаралган. Буга чейин Түркияга дарыланууга учуп барып, бирок ал жактан донор туура келбей, жасалбай калган

Эми донор табылып, операцияны Индиядан жасоо пландалууда. Маалыматта 30 миң доллар каражат керектиги, кесиптештери, боорукер адамдар тарабынан 12 миң доллар чогулгандыгы айтылган. Боорду алмаштыруу чукул убакытты талап кылууда.

Иш-чаранын демилгечиси Каракеева кесиптеши Касымовдун илдетине кайдыгер карабаган адамдарды жарманкеге катышууга чакырды. Ал өзүнүн колунан чыккан буюмдарын да сатыкка койгонун билдирди.

"Жарманкеден кызыктуу жана жакшы сапаттагы буюм-тайымдарды сатып алууга болот. Боорукер кишилер ар кыл буюмдарды сатыкка деп берип жаткан учурлар бар. Эгерде сиздердин араңыздарда да ушундай ыкма менен жардам берем дегендер болсо, кубануу менен кабыл алабыз", — деп билдирди Каракеева.

Ал чогулган каражаттын бардыгы Касымовдун Индияда жасалат деп пландалып жаткан операциясына жумшаларын айтты.

Каракеева жардам көрсөтөм деген жарандар болсо же кандайдыр бир суроолор жаралса, 0555827028 телефон номерине чалып кайрылууну кошумчалады.

Касымов учурда дарынын жардамы менен жашап келет.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190129/1043086388/tazalyk-kyzmatkeri-zhenish-kasymovgo-akcha-chogultuluuda.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно