Бүгүн:

Акыркы кабарлар

20:55
Өкмөттүн Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Индия элчиси менен кезикти
13:05
Бишкектеги сойкуларды калкалады делген милиционер органдарда иштеп жатат
12:59
Икрамовдун "Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын кайтарып алуу талап кылынды
12:17
Өзбекстан медицина боюнча немис тажрыйбасын өздөштүрмөй болду
11:37
Ысык-Көлгө эс алууга келген бельгиялык аял кар көчкү алдында калып каза болду
11:22
Секелек кызды зордуктаган кишинин жазасы эмнеге жеңилдетилди? Соттун жообу
11:21
КТРКга башчы болом деген 22 кишинин аты-жөнү белгилүү болду. Тизме
10:53
Кыргыз жигит америкалык кишини бир чаап сулаттыбы? Көчө мушташынын видеосу
19:37
Кыргызстандын диний лидерлери эрте никелешүүнү алдын алуу боюнча маалыматтык жараяндын сонуна чыгышты
10:34
Чарчайт, кубарат, көп тумоолойт. Баладагы рак илдетинин белгилери
10:33
Ата-энеси өлгөндөн кийин келип кийимин талашат... Карылар үйүнүн башчысы менен маек
10:28
Шолоховсуз... мал доктур болмок. Айтматов жана орус жазуучулары тууралуу 13 факты
12:37
Илим Карыпбеков КТРКнын директорлугу үчүн ат салышмай болду
16:08
Экс-төрага ТЭЦти оңдоо боюнча келишим эмнеге бир күндө кабыл алынганын айтты
15:57
Облустук сот 12 жашар кызды зордуктаган кишинин жазасын жеңилдетти
15:53
Мындан ары автоунааны сатып алган киши кайрадан салык төлөбөйт
14:49
Айыл чарба министрлиги фермердин айыптоолоруна жооп берди
14:45
Министрлик: фермерлер киреше алып келчү гана эгиндерди экпеши керек
15:36
Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды
15:27
Эреже бузганына ынанбаган айдоочу кимге кайрыла алат
15:15
Кыргызстан дагы 10 өлкөгө визасыз режим киргизүүнү демилгелеп жатат
16:16
23 миң сом! Жол эрежесин бузгандарга салынчу айыптардын көлөмү
15:24
Өңүмбү же түшүмбү? Бусиктер экинчи тилкеден бурулбай калышты. Видео
20:13
"Коопсуз шаар" системасы боюнча айып салынган-салынбаганын кантип билсе болот
19:56
Шампунь менен чай жасаган компания «крышаларына» чалып башташты, - депутат
19:55
Чаткалдык мергенчи тирүү карышкыр багып, аны менен аңчылык кылууда
19:02
Жамиля Жапашева: “Кыздар деле күйөө издеши керек, тандашы керек шариатта тандоо укугу аял-эркеке тең берилген”
16:24
Акжол Махмудов олуттуу жаракат алды. Операциясына ири суммадагы акча керек
16:18
Жол улаш адамды ала кет! Бишкектик активист казакстандыктарга үлгү болду
15:22
Бишкектин чок ортосуна 140 орундуу бала бакча курулат
13:39
Сагынбаев: кол тийбестиги алынгандан кийин Атамбаевге иш козголушу мүмкүн
13:38
150 миң доллар алып тергөөнү токтотууга жардам берген. Илмияновдун иши
13:27
Бишкекте күркө күйүп, эки киши каза болду
13:25
Депутат Жолдошбаев карышкырларды эми танк менен атууну сунуштады
12:02
Мэрия кызматкерлеринин чыры: Бишкекте дагы 4 миң бак кыйылабы?
11:02
Бишкектин дагы эки жерине "бомба коюлду" деген маалымат тарады
11:00
УКМК: Бишкектен бомба табылган жок. Стратегиялык жайлар текшерилип жатат
10:22
Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал
15:13
ЖКдагы депутаттардын арасында кылмышкерлер барбы? Министрдин жообу
15:09
Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал
10:59
Артынан сөз ээрчиткен эмес... Корчубек Акназаров жерге берилди
10:34
Кыргызстанды космостон көрдүңүз беле? Канадалык астронавт сүрөт жарыялады
10:13
Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары болду
11:34
Ошто Бүткүл дүйнөлүк Жоолук күнү белгиленди
11:27
Россияда поезддин алдында калган кыргызстандык өспүрүм көз жумду
Бардык кабарлар

Кыргызстанда коррупциялык жол менен лицензия берүүнүн кесепеттери

Жаңылыктар
36
0

 Бүгүн, 30-январда Бишкектеги Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө маселе талкууланды. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жер казынасын сактоо, жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда тоо-кен казуу тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын киреше түшөт. Бул ички дүң продуктунун 8 пайызына жакын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт. Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны тоо-кен казуу тармагынын өндүрүш ишине тартылган.

«Тилекке каршы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине тийиштүү көңүл бурулган эмес. Тескерисинче, жер казынасын пайдалануу чөйрөсү акырындап мамлекеттик көзөмөлдөн чыгарыла баштаган. Натыйжада азыркы учурда тоо-кен өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча тармактарда курч маселелер жаралды», - деди президент.

Бул — айрым мамлекеттик органдарга, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасына терең кирип, тамырлашып кеткен коррупция, тиешелүү иштерди жүргүзбөй, кайра сатуу максатында лицензияларды кармап туруу, экологияны коргоону көӊүл сыртында калтыруу, баалуу дарактардын түрлөрүн кыюу жана кыйылган дарактардын ордун жаңы көчөттөрдү отургузуу жолу менен калыбына келтирүү, өлкөнүн өнөр жай секторунун бир компаниядан — «Кумтөр Голд Компаниясынан» өтө көз каранды болушу, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жергиликтүү бийлик менен кызматташуусу солгун болгондуктан жергиликтүү калктын тоо кен казуу өндүрүшүнө карата пайда болуп жаткан каршылык маанайлары.

«Жергиликтүү бийлик көп учурда кайсы инвесторго кен иштетүүгө лицензия берилип жатканын билбей калат. Натыйжада, калкка түшүндүрүү иштери жүрмөк тургай, жергиликтүү бийлик ошол аймакка инвестиция салууга келген инвестор менен да иштиктүү мамиле түзө албай калган учурлар көп. Мындай өз ара кызматташуунун жоктугу инвестициялык климатка да, жергиликтүү калктын маанайына да терс таасирин тийгизүүдө», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензия берүү маселеси — бул чөйрөдөгү эӊ актуалдуу маселенин бири. Эгемендикти алган жылдардан бери жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылуучу лицензиялардын жалпы саны 2 571 болгон. Алтын кени чыккан жерлердин дээрлик бардыгына геологиялык изилдөө жана аны өздөштүрүү үчүн жеке компанияларга уруксат берилген. Бирок кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктарын коргоо басымдуу болуп кеткен. Анын айынан лицензия берилип, бирок, кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдай түзүлдү.

Өлкө башчынын пикиринде, жыл сайын лицензиялардын саны өскөнү байкалат, бирок алып-сатарлыкка жол берилип жатат. Жолун тапкандар коррупциялык схемалар менен лицензияларды алып, алып-сатарлык баада сатып келишкен, же аны кийин кымбат баада сатуу үчүн өзүндө кармап жатышат.

«Ошол үчүн мен 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну тапшырдым. Мунун жыйынтыгында биз ачык-айкындыкка жетишебиз. Бирок лицензияны кармап калуу үчүн киргизилген төлөм абалды жакшыртууга жардам берген жок. Кенди иштеткенге караганда лицензияны кармап калуу үчүн акы төлөө оңой болууда», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды тартууга мына ушул, коррупциялык түрдө лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатканын жана тез арада тиешелүү мыйзамдарга кен иштетүү тармагында ачыктык, адилеттик, таза атаандаштыкты камсыз кылууга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын, ал өзгөртүүлөр өлкөнүн инвестициялык климатын оңдоого, инвесторлорго жагымдуу шарттады түзүүгө багытталышы керек экенин белгиледи.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно