Ошто Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Дастан Наватов билдирди.
Жоолук күнүнө Ош шаарындагы көп улуттун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын катышуучулары ар түрдүү жоолуктарды салынып келишкен. Мындан сырткары, дин өкүлдөрү да келип, жоолуктун сообу тууралуу баяндама жасашты.
Катышуучулардын арасында сиам эгиздеринин бири Гита да бар.
Иш-чаранын жүрүшүндө жабык кийимдердин көргөзмөсү да орун алды.

1
15